Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Баракелде, Бишкек 31.08.2018 11:06 На русском

Эгемендүүлүк күнү. Борбордук аянтка президент С.Жээнбеков баштаган жетекчилер келишти (сүрөт)

Turmush -  Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык салтанат өлкө жетекчилеринин катышуусу менен улантылып жатат. Борбордук аянтка президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Башкы штабдын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Райимберди Дүйшөнбиев, экс-президент Роза Отунбаева, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана башка мамлекеттик жетекчилер келишти.

Ошондой эле аянтта Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин өкүлдөрү, өлкө желегин желбиретип жүргөн спортчулар, шаардыктар жана меймандар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×