Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 28.08.2018 10:26 Жаңыланды: 28.08.2018 14:14

Кыргызстандын жаратылышы: Ак-Сайдагы темирге бай Нарзан суусу кандай дартка даба? (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндө жер алдынан газдалган суу чыгат. Бул сууну көптөр дарычылыкка колдонуп келишет.

Элеттик тургун Темирбек Төлөковдун айтымында, жер алдынан чыккан суу темирге бай. Ал көбүнчө аз кандуулук үчүн пайдалуу.

«Мен 10 жылдан бери бул сууну билем. Өзүм Ат-Башынын Бирлик айылынан болом. Жыл сайын атайын убакыт таап, ушул жерге келип суу ичем. Желим бөтөлкөлөргө дагы куюп кетем. Бул Нарзан суу жер алдынан буркулдап чыгат. Суу аз кандуулук үчүн аябай пайдалуу, темирге бай болот. Ушул суу менен дарыланып, айыгып кеткен адамдарды дагы көргөм. Болбогон кымбат дарыны сатып ичпей, табияттын дарылык касиетке ээ суусун ичип турсак жакшы болмок. Көп жерден эс алууга келгендер жана жер кыдырып жүргөн чет элдик туристтер дагы бул жакты көрүп таң калышат. Суу өтө эле муздак, даамы темирдин датындай болот. Сууну бөтөлкөлөргө куюп алгыча колубуз тоңуп чыдабай калабыз.

Сууну идишке куюп алгандан кийин оозун чаптап бекитиш керек. Эгер андай болбосо 2-3 сааттын ичинде эле бузулуп, даамы башкача болуп калат. Пайдасын билгендер бул сууга сүзмө кошуп, таң кылып, кышкыга сактап алышат.

Негизи бул Ак-Сай жайлоосундагы табияттын ар бир чөбү, суусу пайдалуу. Бул жерден оттогон мал тез семирет», - деди ал.

Мындан сырткары бул өрөөндө Чатыр-Көл жайгашкан.

«Ал дагы муун ооруларга пайдалуу. Суунун түбүндөгү баткактын түсү башкача — кара жана жыпжылуу болуп турат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×