Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Жалал-Абад облусуАксы району 27.08.2018 16:22

Аксыдагы көчөгө ырчы Гүлбү Орозкул кызынын ысымы ыйгарылды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүндөгү борбордук көчөлөрдүн бирине белгилүү эстрада ырчысы Гүлбү Орозкул кызынын ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Гүлбү Орозкул кызы атындагы көчөгө түнкү жарык орнотулуп, жолго шагыл төгүлүп тегизделди.

«Учурда көчөгө ырчынын аты жазылган тактайчаларды илүү иштери улантылып жатат», - деп билдиришти айыл өкмөттөн.

Гүлбү Орозкул кызы Аксынын Авлетим айылында төрөлгөн. Ал 2017-жылдын 6-октябрында 40 жашында дүйнө салган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×