Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Жалал-Абад облусу 25.08.2018 18:46 На русском

Алгачкы тасма: 4000 метр тоннель, тик жар менен аскада түптөлгөн Түндүк—Түштүк жолу...

Turmush -  Кыргызстанда бүтүндөй өлкө үчүн өзгөчө чоң жаңылык болуп, элге ири экономикалык киреше булагы болуучу эбегейсиз долбоор ишке ашып жатат.

Жүздөгөн чакырым жол чийиндери, өлкөдөгү эң узун тоннель, ээ-жаа бербей албууттанып аккан Нарын аркылуу өткөн эбегейсиз эстакадалык көпүрөлөр, 2 миң жумушчу, 700гө жакын оор техникалар, жүздөгөн тонна цемент жана жардыргычтар… Мунун баардыгы – Түндүк—Түштүк жолу.

АКИpress кызыкдар телекомпанияларга жогорку сапаттагы тасманы берүүгө даяр.

Бул жол Балыкчы шаары менен Жалал-Абадды бириктирет. Ал эми 4 километрге созулган жаңы тоннель Фергана тоо кыркасынын ичинен өтүп, Төө-Ашуудагы тоннелден 1,5 эсе узун болмокчу.

Акипресс агенттигинин командасы жолдун курулушу, жол куруучулар менен адистер кадам сайын туш келип жаткан кыйынчылыктар, жалпы эле Түндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолунун курулушу тууралуу эң алгачкы тасманы даярдады. Буюрса курулуш иштери аяктайт, курулушта күндөп-түндөп эмгектенген адистер, куруучулар үйүнө кайтышат, турмуш өз нугу менен улана берет. Бирок Эгемендүү Кыргыз өлкөсүндөгү эң ири долбоордун ишке ашуусу туралуу баян да сакталып калышы керек...

Бул документалдуу тасма өлкөнүн ушул күнгө чейин адам буту баспаган ээн аймагында өзгөчө мааниге ээ унаа жолдун курулуп жатканы тууралуу болмокчу. Иш ыргагы абдан оор кырдаалдарда — ири жарларда, тик зоолордун арасында жүргүзүлүп, адистер өмүрү менен ден соолугун тобокелдикке салышты.

2013-жылдын апрель айында келечектеги жолдун оор деп эсептелген тилкелерин иликтөө үчүн долбоорчулардын биринчи экспедициясы уюштурулган. Бул аймак Казарман менен Аралдын ортосунда Нарын дарыясынын жээгиндеги капчыгай эле.

Бул топко долбоорлоо институтунан 4 адис кирип, алардын арасында геодезист Жусуп Мураталиев жана инженер-геолог Нурлан Орозбаков да болгон. Ири жарлардан, жалаң зоолордон өткөн геологдор бул аймакта качандыр бир кезде заманбап унаа жол боло турганына ишенген да эмес.

Алар төртүнчү күн дегенде тик ылдый кеткен ири зоого туш болуп, коопсуз жол таба албай калышкан. Ал эми инженер-геодезист Нурлан Оморов бул аймакта иликтөө аракеттерин көрүп жатканда 15 метр бийиктен кулап кеткен.

Аны куткаруу үчүн жаш кезинде жеңил атлетика менен алектенген Жусуп Мураталиев чыгып, дээрлик бир суткадан кийин тапкан. Бирок ага жетүүгө аракет кылып жатып, Мураталиев өзү да жардан кулаган.

Мына ушул жана башка маанилүү, кызыктуу окуялар тасмада кеңири баяндалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×