Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Чүй облусуСокулук району 12.09.2018 02:46 На русском

«Жемкор кызматкер, 100 миӊ сомун уурдаткан апа, алдамчы кыз»: Тергөөчү Бермет Рыспаеваны такшалткан тажрыйба (фото)

Turmush -  Бала кезинен тергөөчү болууну көздөп чоӊойгон Бермет Рыспаева, алгачкы жылы ИИМ Академиясына тапшырып, окууга өтпөй калганына карабай, дагы бир жыл чыдамсыз күткөн. Ал жол кырсыгынан баштап, өтө оор кылмыштын баарында тергөө иштерин жүргүзгөн. ИИМде уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү бөлүмүндө иштеген жалгыз айым болгон. Тергөөчү өзүнүн ары татаал, ары кызыктуу кесиби боюнча аймактык кабарчыга айтып берди.

Бермет Рыспаева 1981-жылы Сокулук районунун Сокулук айылында төрөлгөн.

Мыкты тергөөчү аталган таекемдин окуялары кызыгуумду ойготту

Бала кезден милиция кызматкери болууну кыялданып чоңойдум. Атам, агаларым аскер адамдары, милиция кызматкерлери тууралуу кино көрчүбүз. Ошондо кинодогу тергөөчүлөр кылмышты кантип иликтеп, кантип из куугандарын, кылмыштын бетин ачкандары жакчу. Анан атаман кинодон көрүп алып, тергөөчү эмнеге минтип сүйлөдү, эмнеге тигил жака барды, эмнеге жашынды деп сурай берчүмүн. Анда атам, "кийин тергөөчү болсоӊ, билесиӊ" деп күлүп койчу. Анан апам Кыргызстанда 1990-жылдары мыкты тергөөчү аталган таекем жөнүндө көп окуяларды айтчу. Алар ошол кездеги өтө оор кылмыштардын бетин ачкан экен. Ушулардын баары менин милиция кызматына, анын ичинен тергөөчү кесибине кызыгуумду ого бетер арттырган.

Окууга өтпөй калганда ыйладым, бирок, кийинки жылы тапшырып, артыкчылык менен аяктадым

Мен Военно-Антоновка айылындагы №1 орто мектебин 1998-жылы аяктадым. Анан эч нерсени ойлонбостон, түз эле ИИМ Академиясына тапшырууну көздөдүм. Эсимде, ата-энем "кыз кишиге бул кызмат жарашпайт, башка кесип танда" деп каршы болушкан. Мен тергөөчү болуудан башка кесипти тандабасымды айтып ыйлаган элем. Ошондо атам: "мейли кызым, өзүӊ жактырган кесипти танда, бирок, өз күчүӊ менен тапшыр, эч кимди ортого салбайбыз" деди. Мен ошентип ата-энемдин уруксатын жана батасын алып, ИИМ Академиясына бет алдым. Бирок, ал жылы жолум болгон жок. Антени ал жакка 16-17 жаштагылар кабыл алынбайт экен. Шагым сынып, аябай капа болуп, ыйлап үйгө келдим. Ата-энем, туугандар башка кесиптерди сунуштап жатышты. Мен өзүмдүн көздөгөнүмөн кайтпай койдум. Бала кезден бери келген көк бет мүнөзүм ошондо да бир керекке жарады. Себеби, кийинки жылы тилегеним орун алып, ИИМ Академиясына ийгиликтүү тапшырып алдым. Менин жашоомдогу эӊ бактылуу көз ирмемдердин бири болгон. Анан да жараткан тилегимди дагы бир жолу кабыл алды. Анткени жаӊы тапшыргандарды ар бир топко бөлүп, ар башка программа менен окутат. Мен өзүм каалап жүргөн тергөөчүлөр зводуна бөлүнүп калдым.

Мен ошол 1-курска киргенде өзүмө эмне деп сөз бергенимди билесиңерби? Мен ушул окуу жайды кызыл диплом менен бүтүп, эӊ мыкты тергөөчү болом дегем. Анан 5 жыл китеп бетинен чыкпай, бар убактымды бир гана окууга арнадым. Сабактан кийин алтынчы, демалыш күндөрү ИИМ Академиясынын китепканасынан башка улуттук китепканага да барып, бизге тиешелүү баардык китептерди окудум. Көздөгөн багытыма тырышып аракет кылып жүрүп, 5-курстту кызыл диплом менен аяктап, дароо улук лейленант наамын алдым.

Окуудан кийин Чүй облустук ички иштер бөлүмүндө тергөөчүсүнөн практика өтүп жүрдүм. Кылмышкерлерден сурак алууда, иш кагаздары менен иштөөдө шыгым бар экени ошондо эле билингенин айтышчу. Ал кезде компьютер жок болчу. Атайын машинка менен терчүбүз. Анан да Токмоктогу кылмыш иши болгон жерлерге күн ысык, суугуна карабай, жаан-чачын болсо да автобус менен барып, күбөлөрдү издеп таап, сурап иликтечүмүн. Мен негедир ошол практикадан кийин да тергөөчү болууну башкалардан да көбүрөөк кааладым.

Жемкор кызматкерди колго түшүрдүк

2004–жылы окууну бүткөн соӊ мени Сокулук райондук тергөө бөлүмүнүн тергөөчү кылып шайлашты. Мен ал жакта 4 жыл иштедим. Алгачкы жылы жумуш оор болсо да, өзүмдүн кызыгуум менен баарын алып кеттим. Билимдүү, кесипкөй тергөөчүлөр менен иш алып бардым. Алардан билбегенди билип, көптөгөн тажрыйба топтодум. Жол кырсыгы, оор кылмыш болгон, уурулук, мушташ болгон жерлерге жана башканын барына бардым. Иштегениме бир жыл боло электе уурулук боюнча иликтөөнүн тергөөчүсү болбостон, андан оор кылмыштарды тергөөнү көздөп баштадым. Эмнегедир мага оор жумуштар жакчу. Анан кызматтык кылмыштарды да иликтедим. Алгач эле коррупция боюнча Калкты каттоо кызматындагы кызматкерди колго түшүргөнбүз. Ошентип экономикалык кылмыштардын бетин ачуу менен иштеп жүрүп, 2007-жылы Аламүдүн тергөө бөлүмүнө которулдум. Ал жакта да 3 жыл иштеп, андан да көп тажрыйба топтодум.

Уюшкан кылмыштуу топ менен иштеген жалгыз айым болдум

Чыныгы кылмышкерди тапмайын жаным тынчу эмес. Эртеден-кеч, жада калса түнү да жабыр тартканга жардам берип, кылмышкердин бетин ачуу менен алектенчүмүн.

Сокулукта иштеп жүргөндө бир күнү пенсионер эне кайрылды. Ал апа каза болуп калсам, табытымды жасап коюшсун деп 100 миӊ сом чогултуп, катып жүрүптүр. Аны билген бир аял акчасын сурап алып, 2 жыл берген эмес. Көзүнө жаш алып мага келди. Мага жардам кылыӊыз деп калды. Апанын ыйлап атканын көрүп, ага бизден башка эч кимге бара турганы жок экенин, ал айласыз гана келгенин көрдүм. Мен үйдөгү жумуштарды таштап, анын акчасын кайрып берүү үчүн баш отум менен кириштим, акыр аягы кайтартып бердик. Ошондо чоӊ эненин берген батасы, сүйүнгөн сүйүнүчүндө чек жок болчу! Бирөөнө жардамыӊ тийсе кандай гана бактылуусуӊ.

Кээде кылмышкерди кармаш үчүн түнү менен аӊдып чыгууга да туура келчү. Аламүдүндө иштеп жүргөндө мен өтө оор кылмыштардын бетин ачууну иликтедим. Көп эле окуялар болду. Алдамчылыкка шектелип жүргөн кыздын жүргөн жери такыр аныкталбай, колго түшпөй койду. Анан мен жумуштан кийин, Бишкек шаарына барып, алдамчылыкка шектелип жүргөн кызды үйүнө келишин күттүм. Үйгө ал аябай кеч келет экен. Аябай амалкөй, акылдуу, баарын эсеп менен ойлонуштурат экен. Кудум эле кинодогудай. Ал карыз болуп, алдам жүргөн кишилер күн санап арызы менен келе беришти. Ошентип түнү менен аӊдып, аны колго түшүргөнбүз.

2009-жылы Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматтык кылмыш боюнча улук тергөөчү болуп которулдум. Андан кийин Сверлов районунун тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп бардым. 2011–жылы ИИМ Уюшкан кылмыштуу топтор (ОПГ) менен байланышкан кылмыштарды иликтөө боюнча жумушка кирдим. Ошол убакта аталган кызматта жалгыз кыз киши мен болдум. Угушумча буга чейин кыз болбоптур.

Жолдошумду укук короо органдарынан таптым

2012-жылы мен Төлөгөн Рыспаевге турмушка чыктым. Ал дагы укук коргоо органдарынын кызматкери болуп иштейт. Экөөбүз 2 кызды тарбиялап өстүрүп келатабыз. Декреттен кийин ИИМдин башкы иликтөө бөлүмүнө 2016-жылга чейин эмгектендим. Турмушка чыккандан кийин аял кишиге жумушка толук кандуу берилип иштөө кыйынга туруп калат экен. Ошону үчүн жолдошум экөбүз кеӊешип, кичине жеӊилирек жерине которулунуу чечтик. Анын үстүндө тергөөчүнүн жумушу өтө оор. Мага түнкү саат 3:00дө чалып, кылмышкерди тапканын айтышчу. Мен түн экенине карабай, барып, аны иликтешим керек. Аябай чоӊ энергияны, күчтү анан нервди талап кылган жумуш. Анын үстүндө адамдардын тагдырын чечүү бул өтө жоопкерчиликтүү, өтө оор экенин айтпасам да түшүнүкүтүү болсо керек. Ошентип мен жумуш менен бирге үй-бүлөгө да көӊүл бурушум керек болду. Жолдошум менен кеӊешкенден кийин 2016-жылы Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнө башкы инспектор болуп которулдум.

Мен элдин коопсуздугу үчүн кам көрүп, кызмат кылуу менен бирге энелик, аялдык милдетимди да татыктуу аткарууга аракет кылам. Жолдошум экөөбүз батирди ижарага алып жашап, 2 кызды тарбиялап өстүрүп келатабыз. Кудай буюрса, элге эмгегибиз дагы да сиӊип, мамлекет тарабынан менчик батирлүү болуп каларбыз деп үмүт кылабыз.

Мындан аркы да кызматымды элимдин керегине, мекенимдин тынчтыгына, бейпилдигине арнаймын. Мен детектив кинолорду көргөндү жактырам. Жаш кезимде спорт менен машыкчу элем. Азыр ага убакыт жок. Бирок, жумушка атайын жөө барам. Бул дагы спортко кирет эмеспи. Анан адабий чыгармаларды окууганды жактырам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×