Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Чүй облусу 22.08.2018 14:00 Жаңыланды: 22.08.2018 19:09

Малатьядагы университет Кыргызстанда органдарды алмаштыруучу оорукана куруп, кыргыз жаштарга акысыз медициналык билим берүүгө даяр

Turmush -  Түркиянын Малатья шаарындагы Инөнү (Инёню) университетине караштуу Халил Тургут Өзал (Түркиянын 8-президенти) атындагы органдарды алмаштыруу боюнча оорукана дүйнөдө 2-орунда, Европа боюнча 1-орунда турат. Ал эми университетте 3,5 миңден ашык мугалим эмгектенип, 50 миңге чукул студент, магистрант, аспирант жана докторанттарга 17 факультетте гуманитардык жана так илимий багытта билим берилет.

Тургут Өзал атындагы медицина борбору жана Инөнү университетинин имараты
Мынчалык ири багытта иш жүргүзгөн атактуу университеттин жетекчилиги боордош кыргызстандык жаштарга медицина тармагында акысыз жогорку билим берип, тажрыйбасын арттырууга даяр. Ошондой эле Кыргызстанда дагы органдарды алмаштыруу боюнча оорукана курууга кызыкдар жана аны заманбап жабдуулар менен камсыздоого мүмкүнчүлүктөр бар. Малатья шаарындагы бул ооруканага дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн — Америка, Германиядан бери дарыгерлер боор, бөйрөк, жүрөк жана ички органдарды алмаштыруу боюнча тажрыйба алмашуу максатында келип турушат.

Боордош Кыргызстандын элин колдоо максатындагы эки ири долбоор — жаштарга медицина тармагында (органдарды алмаштыруу багытында) акысыз жогорку билим берүү жана дүйнөдөгү эң алдыңкы деп эсептелген оорукананын филиалын Кыргызстанда куруу демилгеси азырынча эки тараптын өкүлдөрү тарабынан көтөрүлүп жатканы менен расмий кадамдар таштала элек. Бирок Кыргызстандын бийлиги жана Түркиядагы элчилик бул тууралуу кабардар.

Бул сунушту жакынкы аралыкта иш жүзүнө ашыруу аракетин көрүп жаткан кыргызстандык академик, профессор, скульптор Закир Азизов ушул долбоор жана өзүнүн Малатья шаарындагы 20 жылдан берки алгылыктуу эмгек жолу тууралуу Turmush басылмасына айтып берди. Ал Орусиянын Сүрөт Академиясынын ардактуу мүчөсү да болгон.

«Университеттин жетекчилиги чын дилден боордош кыргыз элине колдоо көрсөтүүнү каалайт. Инөнү (Инёню) университетинин ректору, профессор, доктор Ахмет Кызылай бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик деңгээлде келишимдер болсун деп сунуштады. Кыргызстандын бийлиги муну колдоп, сунушун берсе ишти тез арада баштаганга мүмкүнчүлүк бар. Бул долбоор тууралуу Түркиянын бийлигине университеттин жетекчилиги өзү сунуштаганга да даяр. Учурда органдарды алмаштыруу боюнча дүйнөдө 2-орунда жана Европада 1-орунда турган ооруканада эмгектенген жана бул ооруканага ээлик кылган университетте билим алган кыргызстандык студенттер жок.

Мындан 2 жыл мурун университетти таанытуу максатында атайын комиссия Кыргызстанга келип, 180ге жакын жаштар акысыз жогорку илим алуу үчүн тандоодон өткөн. Бирок Түркиядагы саясий кырдаалга байланыштуу ошол жылы барбай калышты», - деди З.Азизов.

Аталган ооруканадагы дарыгерлер дүйнөнүн ар кайсы бурчунан барган бейтаптардын өмүрүн сактап калуу аркетинде. Бейтаптардын арасында кыргызстандыктар да бар. Алардын бири Муканбай Курманкожоевге 2018-жылдын 6-апрелинде боорун алмаштыруу боюнча операция жасалган. Андан бери Малатья шаарына эки ирет барып, текшерүүдөн өтүп келди. Учурда абалы жакшы.

Муканбай Курманкожоев операциядан кийин

Муканбай Курманкожоев операциядан кийин
«Алгач Анкара шаарындагы ооруканада дарыланып жатып, дарыгерлер өздөрү Малатья шаарындагы ооруканага бар деп кеңеш беришти. Ал жактан текшерүүдөн өткөндөн кийин эле дароо операцияга даярдашып, донорду чакыр дешти. Донорду чакырып, аны 3-4 күн текшерүүдөн өткөргөндөн кийин операция жасалып, ийгиликтүү аяктады. Азыр абалым жакшы. Буга чейин көп дарылануудан өтүп, операция жасатуу үчүн ишеничтүү ооруканаларды да көп издедик. Малатьядагы университеттин ооруканасы ушунчалык күчтүү болсо дагы эч бир жерден жарнамасын кезиктирген жокпуз», - деген М.Курманкожоев Халил Тургут Өзал атындагы ооруканадагы дарыгерлердин иш билгилигин, билимин, тажрыйбасынын жогору экенин белгиледи.

Анын айтымында, З.Азизов айтып жаткан эки долбоор тууралуу анын көзүнчө да сөз болгон.

«Университеттин ректораты бизди өзгөчө жылуу кабыл алып, кыргызстандык жаштарга жогорку медициналык билим берүү жана Кыргызстанга оорукана куруу тууралуу кызыкдар экенин айтышты», - деп кошумчалады.

Закир Азизов Орусия, Түркия, Түркмөнстан өлкөлөрүндөгү бир катар эстеликтердин жана скульптуралык чыгармалардын автору. Анын эмгек жолу Малатья шаарындагы Инөнү (Инёню) университети менен 1998-жылдан бери байланышта. Скульптура кафедрасын түптөп, аны жетектеп жаткан мекендешибиздин эмгектери дүйнөнүн эң мыкты делген галереяларында орун алган.

Ал эми аталган ири университетте учурда кыргызстандык 2 гана адам эмгектенет. Алардын бири Закир Азизов болсо, экинчиси — анын кызы. Ал студенттерге кытай жана англис тилдеринен сабак берет.

Закир Азизовдун балалыгы Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда өттү. Дүйнөгө эмгектери менен таанымал скульптор орто билимди айылындагы Кара-Кочкор орто мектебинде алып, андан кийин Бишкек шаарындагы көркөм сүрөт окуу жайынан билим алган. Андан кийин аскердик милдетин өтөп келип, Россиянын Москва шаарындагы В.И.Суриков атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт институтуна аспирант болуп кабыл алынган. Мунун арты менен 7 жылдык эмгек жолу, тактап айтканда 1991-жылдан тарта 1998-жылга чейин Россиянын Көркөм сүрөт академиясы менен байланышта болду.

СССР тарап, баардык багыттагы өзгөрүүлөр Академияга дагы жетип, андагы көптөгөн мыкты делген эмгектердин ичинен Закир Азизовдун эмгектерин дүйнөдөгү алдыңкы жана атактуу галереяларга сатып алып кетишкен. Адатта башка скульпторлордун эмгектери классика жанрында болсо, З.Азизов эмгектеринде негативдүү жана позитивдүү энергияны, бар туруп, бирок көзгө көрүнбөгөн тематиканы өзгөчө чеберчилик менен ачып берет.

- Анын айбанаттарды коргоо тууралуу позитивдүү жана негативдүү позицияда жаралган «Теке» аттуу эмгеги учурда Италияда;

- технология заманындагы ааламдашууну чагылдырган «Адам жана компьютер» деп аталган эмгеги Калифорнияда;

- Ч.Айтматовдун «Кассандра тамгасы» чыгармасындагы композитордун оюн көрсөткөн «Композитор» композициясы Голландияда;

- «Экология жана технология» эмгеги Кореядагы алдыңкы галереяларда сакталуу.

«Ошондой эле Францияда, Германияда, Австралия, Польша жана Россияда бир катар эмгектерим бар», - деди З.Азизов.

Закир Азизов Түркияда жасаган эмгектери да өзгөчө бааланат. Учурда дагы ири айкелдерди жасоо менен алектенип жатканын кошумчалады. Алардын бири — Чыңгыз Айтматовдун эмгектерин абстрактуу түрдө чагылдырып жатат. Анын ачылышы залкар жазуучунун туулган күнүнө карата болушу мүмкүн.

Закир Азизовдун Түркиядагы эмгектери:

- Тургут Өзелдин айкели (Малатья шаарында);

- Ислам динин таркатуучу Ахмед Ясавинин (Инөнү университетинде) айкели;

- Билге Кагандын (аталган университетте) айкели;

- «Аура» скульптурасы (Анкара шаарында);

- «Негатив жана позитив энергия» (Стамбул шаарында) композициясы жана башкалар.

Закир Азизовдун негизги максаты — Инөнү университетинин жетекчилиги колдоого алып жаткан 2 чоң долбоорду жакынкы 2 жылда ишке ашырууга салым кошуу. Бул үчүн Кыргызстандын бийлигинин колдоосу өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

--------------------------------------------

Инөнү университети Түркиянын 2-президенти Исмет Инөнүнүн ысымынан аталган. Түркиянын 2-8-президенттери чыккан Малатья шаарында мамлекеттик университет түзүү тууралуу чечимди өлкөнүн парламенти 1975-жылдын 28-январында кабыл алган болчу.

Сүрөттөр Закир Азизовдун архивинен жана университеттин расмий сайтынан алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×