Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 18.08.2018 14:42

Сүрөт — Кызыл-Кыяда 25 үй-бүлөгө турак жай курулуп, 14 балалуу баатыр эне кызына үй алды

Turmush -  Бүгүн, 18-августта Кызыл-Кыя шаарында өтө муктаж 25 үй-бүлөгө курулган турак жай салтанаттуу түрдө ачылды. Анын алкагында шаар мэри Эрмекбай Топчубаев баштаган жетекчилердин, шаар тургундарынын катышуусунда ачкычтар үй ээлерине тапшырылды, деп билдирди кабарчы.

Алардын арасында 14 балалуу баатыр эне Сахида Эркебаева бар.

68 жаштагы Сахида Эркебаева — 7 уул, 7 кыздын апасы. Балдарынын жетинчиси Дилбар Эркебаева ден соолугунан жабыркап, 2014-жылы 2-топтогу майып болуп каттоого алынган. Ошол учурда жолдошу менен ажырашып, 2 баласы менен ата-энесинин үйүнө келген.

«14 балам болсо да ар биринин жашоосу өзүнчө. Кызым майып болуп калганда күйөө балам таштап кетти. Азыр кабар албайт, алимент да төлөбөйт. Дилбардын уулу 12 жашта болсо, кызы 9 жашта. Кызымды, неберелеримди жолдошумдун пенсиясы менен багам.

Мэрияга ушул кызым жер алып, уй кургуча өзүнчө жашап турганга үй сурап кайрылдык эле. Мэрге рахмат, турмуш шартыбызды түшүнүп, бир бөлмөлүү үй беришти», - деди Сахида Эркебаева.

Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Асилбек Маткалыковдун айтымында, шаардагы социалдык жактан муктаж болгон 130 жашоочунун арызын критерийлер менен атайын комиссия карап чыгып, 25 үй-бүлөгө ылайыкталган турак жай курулган. Бул үйлөр өспүрүм курактагы 3 баласы бар жесир энелер, өздөрү ден соолугунан жабыркаган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар энелерге, ошондой эле ата-энеси тубаса майып балдарга берилди.

Курулуш иштери 2018-жылдын февраль айында башталган. Анын жалпы сметалык баасы 100 млн сомго жетип, Кызыл-Кыя шаардык мэриясы 5 млн сомго жакын каражат бөлгөн. Ошондой эле курулушка чет элдик кайрымдуулук фонду колдоо көрсөттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×