Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуСокулук району 17.08.2018 23:42 Жаңыланды: 18.08.2018 10:12

Айыл турмушу: Машыктыруучу К.Тургунбаев Индонезиядагы Азия оюндарында калыстык кылат (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңгарач айылынын 31 жаштагы тургуну Кайрат Тургунбаев Индонезиянын Жакарта шаарында өтүүчү Азия оюндарында калыстык кылат. Ал 15 жашынан тарта самбо менен машыгып келсе, акыркы 5 жылдан бери калыс болуу менен алек. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Азия оюндарына калыстык кылуу үчүн эл аралык даражадагы калыс болуу керек. К.Тургунбаев 2015-2017-жылдары самбо боюнча эл аралык калыстардын семинарына катышып, тиешелүү даражага ээ болгон. Ал 24-август күнү Жакарта шаарына учуп кетет.

«Ал жактан самбо күрөшүнө калыстык кылам. Самбо боюнча мелдештер 30-августтан баштап 2-сентябрга чейин өткөрүлөт. Азия чөлкөмүндө эл аралык даражадагы калыстардын арасынан жалпы 20 калыс чакырылды. Кудай буюрса самбо күрөшү олимпиадалык спорттун түрүнө кирип калса, олимпиада оюндарында калыстык кылууга толук мүмкүнчүлүк бар. Быйыл жаштар арасындагы Грузияда өтө турган дүйнө чемпионатына калыстык кылууга чакырылдым», - деди ал.

Кайрат Тургумбаев 1987-жылы Сокулук районунун Жаңгарач айылында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө 7 бир туугандын бешинчиси.

«Өзүм үй-бүлөлүүмүн, келинчегим экөөбүз бир баланы татыктуу тарбиялап, өстүрүп жатабыз. Ал эми спорт менен 15 жашымдан баштап алектенип келем. Самбо менен машыгып, бир нече мелдештин жеңүүчүсү болгом. Калыстык кылганыма 5 жыл болду. Ошондой эле 10 жылдан бери Сокулук районундагы өспүрүмдөрдүн спорт мектебинде машыктыруучу болуп иштейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×