Бөлүмдөр
Ишемби, 15-декабрь
Талас облусу, Талас 14.08.2018 17:45 Жаңыланды: 05.12.2018 17:15

Жеңеке: Таластык Назгүл жеңе жолдошу менен 4 жолу таанышкан соң биринчи жолугушууга макул болгон (фото)

Turmush -  Талас шаарындагы 39 жаштагы Сатымкулова Назгүл жеңе жолдошу менен 4 жолу таанышкан соң биринчи жолугушууга чыккан. Аймактык кабарчы жеңеке менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында чоңойгон. Кесиби боюнча бухгалтер.

«Жолдошум Мукамбет Сыдыкбеков менен 4 жолу таанышып, анан гана жолугушууга макул болгом. Ал учурда студент элем. Эжемдин дүкөнүндө иштеп жатсам келип калчу. Күндө келип, атымды сурай берчү. Эжеме тамашалап, «мындай сулуу сиңдиңди менден бекитип жүрөсүң» деп калар эле.

Бир күнү иштеп жатсам колумдан кармап, «атыңды айтчы» десе «мен сиз менен 4 жолу таанышып жатам, эми келсеңиз таанышпайм» деп жөнөткөм. Акыры көңүлүмдү алып, эжемден уруксат сурап жолугушууга чакырган. Эжем «сүйлөш, ал абдан жакшы бала» деп айтып жүрдү. Экөөбүз мамиле куруп, 1997-жылы ноябрь айында баш кошконбуз. Азыр жолдошум «эркек мүнөзүң жана аябай чапчаңдыгың жаккан» деп айтып калат. Экөөбүз 21 жылдан бери чогуу түтүн булатып келебиз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле радиодо бир топ жыл диджей болуп иштеген. Эргүү келгенде ырларды жазат.

«Мектеп учурунан бери ыр жазам. Ырларымдын көбү жолдошума арналган. Жазгандарымды акындарга текшертип сынынан өткөрүп турам. Кээде ырларымды радиолордон угуп сүйүнүп калам. 2008-жылы 4-декабрда ырларымды радиого алып бардым. Ал жакта «Ыр белек» деген уктуруу бар эле. Кызыгы, ошол эле күнү «үнүң жакшы экен» деп, диджей кылып эфирге чыгарып коюшту. Талас ичинде радио уккандар көп эле. Радиодо иштеген кыздарга гүл көтөрүп, издеп да келишер эле (күлүп). 8 жыл радиодо иштеп, 20дан ашык шакирт тарбиялап чыгардым. Радиодо иштеп жатканда учурда 4 кыздан кийин уул төрөдүм», - деди ал.

Назгүл жеңе учуда 6 баланын апасы.

Жаштык кез сени сагынам

Жаш кыздар өттү жанымдан,

Кычырап очки тагынган.

Тигиле карап суктандым,

Жаштыгым сени сагынам.

- - -

Сулуу кыз өттү жанымдан,

Солкулдап кетти кабыргам.

Тилиме катып тишимди,

Жаш кезим сени сагынгам.

- - -

Кусалуу карап кыздарды,

Кырк жашка таяп барамын.

Каткыра күлкүм кашкая,

Караның сенин самадым,

Жаш кезим сени бааладым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×