Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-сентябрь
Нарын облусуНарын району 14.08.2018 15:50 На русском

Эки адамдын өмүрүн алган жол кырсык: Ырыскелдинин артында апасы, жубайы жана 2 карындашы калды (сүрөт)

Turmush -  Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 2 адам көз жумган. Каза болгондордун бири — 1993-жылы туулган И. уулу Ырыскелди. Анын эң жакын досу Темирлан Таштанбек уулу маркум тууралуу айтып берди.

Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек жигит 25 жашында каза тапты. Ал Нарын районунун Эчки-Башы айылында 1993-жылы төрөлүп, мектепти ошол айылда окуп, андан кийин Нарын мамлекеттик университетине тапшырган. 1 жыл мурун тайпалаш кызына баш кошуп, алар Он-Арча базарында соода кылып иштеп жатышкан.

Маркум менен 5 жыл дос болгон Темирлан: «Досум экөөбүз волейбол ойноп жүрүп таанышканбыз. Мүнөзү аябай сонун адам эле. Эркек мүнөздүү, баарын өз убагында жасаган, чечкиндүү, адамдык сапаты бийик болчу. Спорт жөнүндө түшүнүгү кенен эле. Бокс менен машыгып жүрчү. Мектепте окуп жүргөндө Нарын облусунун бокс боюнча чемпиону болгон. Досумдун атасы дагы жол кырсыктан каза тапкан. Апасын, 2 карындашын жалгыз таштап кетти, ал үйүнүн тиреги болчу. Кырсык эртең менен болду. Ал кечинде эле мага тамашалуу видео жөнөткөн.

Ырыскелди ал күнү Эчки-Башы айылында болчу. Айылдаштарынын айтымында, ал күнү аны ошол айылдын жээни Адилет деген адам унаасына салып кеткенин көрүшүптүр. Ошентип алар айылдан чыгып алып, Нарынга бара жаткан. Эмне максатта бара жатканы белгисиз бойдон калды», - деди.

Буга чейин 10-августта эртең мененки саат 08:05 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 300-чакырымында «Мерседес-Бенц Гелендваген G500» үлгүсүндөгү автоунаа менен «КамАЗ» үлгүсүндөгү автокран кагышып, айдоочу менен жүргүнчү окуя болгон жерден каза тапканы маалымдалган.

Каза болгондордун тизмеси:

- 1993-жылы туулган И.у.Ырыскелди (жүргүнчү);

- 1982-жылы туулган М.Адилет (айдоочу).

Ал эми жүк ташуучу унаанын айдоочусу Б.Кеңешбек ооруканада дарыланууда.

Учурда бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×