Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Талас облусуТалас району 10.08.2018 17:48

Айыл турмушу: Кол өнөрчү В.Рыскулова тиккен улуттук кийимдер 3,5 миң сомго чейин бааланат (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Кырк-Казык айылынын 36 жаштагы тургуну Венера Рыскулова улуттук кийимдерди тигип, киреше табат. Кол өнөрчү менен аймактык кабарчы таанышты.

В.Рыскулова кесиби боюнча акушер, кол өнөрчүлүк менен 8 жылдан бери алектенет. Бул өнөр апасынан өткөнүн айткан каарманыбыз бычмачылык жана тигүүчүлүк боюнча кыска мөөнөттүк окууда окуган.

«Өзүм Бакай-Ата районунун 1-Май айылынын кызымын. Апам чеберчилик менен алектенип, чоң көргөзмөлөргө катышкан. Анын жанында жүрүп эле көп нерсени үйрөнүп алдым. Кесибим боюнча акушермин, бирок ак халат кийип кесибимди алып кеткен жокмун. Кол өнөрчүлүк боюнча окуп, жолдошум да колдоо көрсөттү. Колума сертификатты алгандан кийин жолдошумдун жардамы менен тигүү техникаларын сатып алып, үйгө чакан тигүү цехин ачып, иштеп баштадым. Алгач буйрутмалар аз болгону менен кийин жумушум бир нукка түшүп, улуттук кийимдерди тигүүгө өттүм. Азыркы учурда көпчүлүк улуттук кийимге басым жасап калгандыктан, буйрутмалар көп түшүп турат», - деди ал.

Кол өнөрчү улуттук кийимдерди 1,5 миң сомдон баштап 3,5 миң сомго чейин баалап сатат. Мындан тышкары кийимдерге сайма сайып берет.

«Сайманы 50 сомдон жогору сайып берем. Ошондой эле кичинекей бөбөктөр үчүн тигилген кыргыз көйнөктөр 800 сомго бааланат. Айыл ичинен гана эмес, башка аймактардан да келип буйрутма бергендер болот. Албетте, бул үчүн сыймыктанам. Колдон келишинче жакшы тигип берүүгө аракеттенем», - деди кол өнөрчү.

Чебер айым жолдошу экөө 2 уул жана 3 кызды тарбиялап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×