Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баракелде, Бишкек 10.08.2018 17:27 На русском

Бишкектин борборундагы жардыруу учурундагы видео

Turmush -  Бишкек шаарындагы Исанов көчөсүндө №98 даректе жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанында болгон жардыруу учурундагы видотасма социалдык тармактарга тарады. Аны Рустам Иса атуу колдонуучу жүктөгөн.

Учурда жарылуу болгон аймакты милиция кызматкерлери курчоого алып, адистер иштеп жатышат. Бул жарылуу учурунда эркек киши жаракат алып, орто оор абалда ооруканага жеткирилген.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 10-августта саат 11:28де милиция кызматына телефон чалуу болгон. Алар Исанов көчөсүндөгү үйдүн жанында жарылуу болгонун билдиришкен.

Укук коргоо органдарынын болжолдуу маалыматы боюнча, колго жасалган бомба жардырылган. Ал ошол аймакка 1-2 күн мурун орнотулушу мүмкүн.

АКИпресс агенттигине булактар: «Бомба бадалдын арасына орнотулган. Жарылуу ошол жерден Г.Александр аттуу жаран өтүп бара жатканда болгон. Ал ошол жерде эмгектенет. Акыркы бир нече күн ал жумушунда болгон эмес», - деп билдирди.

Ал эми Г.Александр аттуу жаранга 2016-жылдын апрель айында дагы кол салуу болгон. Г.Александр көрсөтмөсүндө азиат түспөлүндөгү эркек киши эки ирет ок чыгарып, андан кийин куралды таштап качып кеткенин айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×