Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Чүй

«Каза болгон кызды апасына угузганда ыйлагам»: Волейболдо ийгилик жараткан К.Сраждинованын милициядагы жашоосу (сүрөт)

Turmush -  Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн эсеп каттоо жана статистикалык иштер боюнча ага тескөөчүсү Каныкей Сраждинова бала кезинен милиция кызматкери болууну кыялданып чоӊойгон. Ал максатына жетүү менен бирге спортто да бир топ ийгиликтерге жетишти.

Пагончон айым 1989-жылдын 31-декабрында Балыкчы шаарында төрөлгөн. Үй-бүлөдө үч бир туугандын эң кичүүсү. Аны менен аймактык кабарчы азыноолак маектешти.

- Каныкей айым, бул кызматты эмнеден улам тандап калдыӊыз?

- Кичинекей кезимде мектепте окуп жүргөндө эле форма кийип, милиция кызматкери болуп иштегенди кыялданчумун. Мектепти бүтөрдө КРдин ИИМдин академиясына тапшырам деп даярданып, бирок ошол маалда волейбол боюнча мелдеште жүрүп, документтеримди тапшырууга жетишпей калгам. Кийин Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин бүткөндөн кийин, юриспруденция факультетине тапшырып, аны 2014-жылы аяктагам. Жаштын тилегин берет дегендей, убакыт өтүп, форма кийип, 2015-жылдан бери милиция кызматкери болуп эмгектенип келе жатам.

- Волейбол демекчи, сиз спортто көптөгөн ийгиликтерди жаратып жүрөсүз. Канча жашыӊыздан бери спорт менен алектенесиз?

- Спорт – бул менин жашоомдо өзгөчө орунда турат. Волейболду ойнобой коюуну элестете да албайм. Анткени мен волейболду 11 жашыман бери ойноп келем. Алгач ата-энем аябай каршы болуп, «Кыз деген үйдө отуруш керек» деп урушчу. Бирок Кыргыз Республикасына эмгек сиӊирген машыктыруучу Мелис Сейитказиев биздин үйгө чейин келип, ата-энемди көндүрүп, спортту улантууну суранган. Азыр болсо ата-энем дагы машыктыруучума ыраазычылык айтышат. Көп ийгиликтерге волейболдун артынан жетиштим.

- Ошол жетишкен ийгиликтериӊиз менен бөлүшө кетсеӊиз.

- Жетишкен ийгиликтеримди айта кетсем, волейболдун артынан көп жакшы адамдар менен тааныштым. Жогорку окуу жайга тапшырууга да спорттун пайдасы тийди. Ар кайсы окуу жайлардан сунуштар түштү. Бирок өзүм Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тапшырууну туура көрдүм. Кийин Кыргыз улуттук университетинде иштеп жүргөндө спорттук мелдештердин биринде Аскер институтуна иштөөгө сунуш түшүп, 3 жыл аталган окуу жайда иштедим. Ал эми алган сыйлыктарымды санаган эмесмин. Ар бир спорттук мелдештерде байгелүү орундарга жетишип, болжол менен 100-150гө жакын ар түрдүү медалдарды тагынып, бир нече дипломдорду алууга жетишкем. Бул ийгиликтердин артында машыктыруучулардын эбегейсиз эмгектери бар экенин айта кетпесем болбойт.

- Милиция кызматкеринин деле иши оӊой эмес. Үйгө чарчап чалыгып келгенде эмне кыласыз?

- Убакыттын көбү жумушта өткөндүктөн үйгө келгенде аз болсо да үй оокаттарын жасап жетишүүгө аракет кылам. Андан сырткары сиӊдим менен сүйлөшүп, бош убакытта сыналгы көргөндү жакшы көрөм.

- Учурда милиция кызматкеринин дарегине катуу сындар да айтылып, ошол эле маалда алкыш айткандарды да көрүп жүрөбүз. Мындай учурларда сиз кандай абалда болосуз?

- Милицияда иштеп, күнү-түнү кызмат өтөп жүрүп, милиция кызматкеринин дарегине айтылган каралоолор жана терс көз караштар интернет булактарына жана газета-журналдарга жарыяланган учурда жаның кейибей койбойт. Ал эми, милиция кызматкерине жардам сурап кайрылып, көйгөйлөрү чечилип, ыраазы болгон адамдар деле арбын. Алардын айткан алкышы, улгайган адамдардын берген батасы көп эле болот. Бирок, мындай көрүнүштөргө караганда терс жаңылыктар коомчулукка тез тарап жатканы өкүнүчтүү.

- Боорду ооруткан окуяларды көрүп, ыйлаган учурларыңыз болобу?

- Албетте болот, милицияга жардам сурап кайрылышкан адамдардын кээ бир окуяларын угуп, жүрөгүн сыздаган учурлар болот. Жакын адамынан айрылган оор окуяларга туш болуп жүрөбүз. Анын бири эсимде. Биздин райондо жол кырсыгы болуп, анын кесепетинен бир кыз каза болгон. Анын апасынан башка эч кими жок экен. Ошол кырсыкта кызы каза болгону тууралуу кабарды апасына угузганда, маркумдун энесинин ыйлаганын көрүп, чыдай албай биз да ыйлаганбыз. Мындай каргашалуу окуя эч кимдин башына келбесин.

- Мырзалар менен чогуу волейбол ойноп да жиберет экенсиз. Мындайда жигиттер сизди аяса керек?

- Милиция кызматында эркектер көп болгондуктан, алар менен кошо аралашып волейбол ойноп көнүп деле калгам. Оюн аянтына чыкканда каршылаш команда мени кыз деп аяп койбойт. Анткени командалык оюн болгондуктан, тайпанын деңгээлине жараша оюн болот. Канчалык атаандаш күчтүү болсо, ошончолук оюн кызыктуу жана жогорку деңгээлде өтөт. Оюн учурунда мырзалар аябаганы менен ар дайым мага сылык мамиле жасашат.

- Эл кызматында жүрүп, коомдук тартипти сактап, кылмыштуулук менен күрөшүү аял киши үчүн оор болсо керек. Сизге эмне кайрат берип, курчутуп турат?

- Милицияда өзүңдүн милдетиңе жараша кыйынчылыктар бар. Ар кандай кырдаалдар болот, шайлоо учурунда, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча иш-чараларда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө күнү-түнү дебей жумушта болгондо ата-энем, бир туугандарым жана досторум ар тараптан колдоп, түшүнүү менен мамиле кылышат. Аларга ыраазымын.

- Келечектеги максаттарыӊыз кандай?

- Милиция кызматын өзүм каалап тандагандан кийин, кыргыз милициясынын кадыр-баркын жана деңгээлин көтөрүүгө өз салымымды кошууга аракет кылуудамын. Ошондой эле аялзаты болгондон кийин үй-бүлө куруп, бактылуу аял жана эне болгум келет.

- Маектешкениӊизге рахмат!

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4367
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×