Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Жалал-Абад

Фото — Жалал-Абаддын тургуну 10 миң долларын кантип алдатканын, эмнеге сотко жана милицияга нааразы экенин айтып берди

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын тургуну Сыланкан Эгембердиева акчасын алдап алган аялдын үстүнөн козголгон кылмыш иши сотко жетпей, кыскарганына нааразы болууда. Бул тууралуу ал АКИпресс – Жалал-Абад маалымат борборундагы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ал арыз жазган жарандын иши сотко жетпей, делону жабуу аракети күч болуп жатат. Бул абалдын орун алуусуна тергөөчүлөрдүн кызыкчылыгы жогору болууда. Ал анын ишин тергегендерге, соттун судьяларына нааразы. Окуянын чоо-жайын ал төмөндөгүдөй айтып берди.

«Менден акча алгандыгы боюнча бүт документтер бар, тил каттары жазылган. Ошого карабастан биздин үнүбүздү укук коргоо органдары укпай жатышат. Тактап айтсам, 2013-жылы С.Т. аттуу таанышым аркылуу Э.Т. аттуу аял менен таанышып калдым. Ал Э.Т.нын үй-бүлөсү, балдары тууралуу бүт айтып берип, жакшы адам экенин айткан. Ошентип тааныш болуп калганбыз. Көп өтпөй эле, Э.Т. Бишкектен бизге келип калганын угуп, ага жолуктум. Ал бир компанияны сунуштады, мен макул болгон эмесмин. Бир күнү эле бизди тааныштырган адам Э.Т.га акча керек болуп жатканын, бат эле кайтарып берээрин айтты. Макул болуп акча берип турдум, көп өтпөй эле кайра кайтарып берди. Мен ага ишенип калдым. Анан ал мага биргеликте ишкердик кылуу сунушун айта баштады.

«Эжем Россияга кургатылган мөмө-жемиш ташып жатат. Сен Жалал-Абаддан чогултуп берсең, биргеликте иштейбиз» деди. Ал «100 миң долларлык жазган долбоорум колдоо тапты, кайтарымсыз. Акча колго тийгени жатат. Муну алуу үчүн 15 миң доллар керек болуп жатат. Көмөктөшүп турсаң, акчаны алаарым менен сага берем. 50 миң долларын жеңилдетилген пайыз менен сага берип турам, биринчи акча алып алайын. Сиңдим сага барат, үйүн күрөөгө коёт» деп айтып калды. Менде андай чоң сумма акча жок да. Ошентип сиңдиси деп айткан Бүзейнеп Абдиева үйүнүн документтерин көтөрүп келди. Бул байкуш ооруп акчага муктаж болуп турганын пайдаланышып, «үйүңдү күрөөгө коюп турсаң, 20 миң сом берип турабыз. Акча колго тийсе эле сага жардам беребиз» деп алдашкан экен да. Үйдүн документтерин алган соң, мен да күрөөканадагы таанышымдан акча алып, Э.Т.га жалпысы 455 миң сом котордум. Негизи 500 миң сом которушум керек болчу. Алар ушундай алдашат экен. «500 миң сомдун бир айдагы пайызын алып калып, калганын которо бер» деп жакшы адам болду. Мен ишенип 45 миңди алып калып калганын которгом. Ошону менен которгон акчамды кайтара албай калдым. Бир айдан кийин ошол 45 миң сомду күрөөканага 500 миң сомдун үстөгү үчүн төктүм. Андан кийин үч ай катарынан 45 миң сомдон үстөк пайызын төгүп жаттым. Акыры айлам кетип төгө албай калдым. Пайызы өсүп кетти, акыры Россияда иштеп жүргөн сиңдилеримдин акчасын алып, бир миллион 175 миң сом кылып араң жаптым. Үйүн мага күрөөгө койгон, мен Э.Т.га акча которгонума бир апта өткөндөн соң Бүзейнеп мага ылайып келди, «эже мага бир тыйын деле беришпеди. Дарыланууга акчам жок» дегенинен эжеге байланыштым. Ал башында Бүзейнепке өзү акча котороорун айтып, мен туура Э.Т.га эле которгон болчумун. Бүзейнеп ошондон көрө мага берсеңиз, 20 миң сомун алып калып, калганын которуп коймок экенмин» деп калды. Э.Т. эже иштелип кеткендигин айтып, «он миң сом берип турчу. Сен которгон акчаны төлөй турган менмин да. Мурунку акчаларга кошуп төлөйм» десе ага дагы ишенип, Бүзейнепке он миң сом бердим. Кийин дагы «Ой ал деген оорукчан экен, экөөбүз тең балээге калбайлы, документтерин кайтарып берип койчу. Мына жакында акчаңды котором» десе дагы ишенип, анан Бүзейнепти аяп документтерин кайтарып берип койгом. Ошону менен менден акча алган адам банкрот кылып кетти.

Акчаны кайтараар деп күттүм, жыйынтык болбогондуктан 2017-жылы милицияга кайрылдым. Бир жылдай кылмыш ишин козгото албай убай тарттым. Тергөөчүлөр кыскартып коюшат, мен делону буздуруп келем. 2018-жылы февралда гана КЖКнын 166-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголду. Эки ай издөөдө жүрдү. Шаардык соттон табылса эле камоо санкциясы чыкты. Эки айдан кийин кармалды, сот 15 күнгө камады. Бирок 13 күн дегенде эле чыгып кетти. Ал камалган учурда эч кандай тергөө болгон жок, бизди беттештирген да жок. Тергөө кызматындагы М. Исагалиев, М. Жаманкуловдор алдаган аялга жан тартып жатышат. Ал мени эле эмес бир канча адамдарды алдаган.

Сотторго да нааразымын. Анткени 2019-жылдын 19-июнь күнү облустук соттун үч судьясы Тамараны камоо мөөнөтүн узартуу боюнча чечим чыгарса, ошол эле күнү тергөөчү алмаштырылып, шаардык соттун башка судьясы апасы ооруп жаткандыгына байланыштуу деп чыгарып жиберип жатышат. Издөөдө жүрүп камалган адамга дароо эле ырайым кылып жатышат. Ачыктан ачык сүйлөшүү жолу менен чыккандыгы даана көрүнүп турат. Ошол күнү тергөөчү алмашыла калып жатат. Буга тергөө кызматынын изделип жатып араң табылган жаранга жан тартканы байкалып эле турат. Эгер ал дагы бир аз камалганда менин акчамды төлөйт болчу. Себеби анын төлөгөнү мүмкүнчүлүгү бар. Балдары чет өлкөдө эмгектенет. Үй шарты да келишкен. Бул аял тергөөчүлөрдү ыраазы кылып коюп жатат окшойт, болбосо чындык биз тарапта экени документтер да далилденип турат. Мага башкысы тил катта жазган 1 миллион 175 миң сомумду өндүрүп берсе болду эле. Бизге окшогондордун укугу ушинтип эле тебеленип жатат. Эми мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу делону дагы кыскартып салышты. Кыскарылган делонун токтомун ала албай 5 күн жүрдүм. Сотко жетпей эле ушинтип кыскартып эле салып жатышат. Бул жерде бир мандем бар. Бизге окшогон карапайым адамдардын укугу тебеленип жатат», - дейт ал.

С.Эгембердиева ошондой эле, чынчыл тергөөчүлөр да бар экенин, ошол үчүн кылмыш иши козголгонун да белгиледи.

«Мен баарын жаман дебейм, бирок арасында так иштегендери да бар экен да. Азыркы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ушул жерде облус прокурору болуп турганда өзү кабыл алган. Менин үнүмдү угуп, башка кызматкерлерине арызымды карап чыгууну табыштаган. Ал киши ыраазычылык билдирем. Өткөндө Жалал-Абад ОИИБ башчысына бардым. Ал да өзү кабыл алып, менин үнүмдү укту. Тергөө бөлүмүнүн башчысын чакыртып, адилетүү кароону табыштады. Бирок жетекчи айткандай болгон жок. Эки жылдан бери чуркап жүрүп милициядан адилеттик таппадым. Эми делону жаап койгон тергөөчүгө ишенбөөчүлүк келтирип, кайрадан бузуу үчүн кайрадан прокуратура кайрылып жатам. Милиция ишти сотко жеткирбөөгө аракет кылып жатышат. Ошол үчүн мен өлкө башчыга, башкы прокурорго кайрылат элем. Адилеттүү тергөө жүргүзбөгөн тергөөчүлөр өз жазасын алсын», - деди ал.

Абдиева Бүзейнеп да Э.Т.га алданганын билдирди.

«Мен ооруп жаткандыктан, дары-дармек үчүн акчага зар болчумун. Э.Т. эже өзү иштеп жаткан бир компаниядан дарыларды берди, аны ичтим. Мен аны жакшы адам деп ойлопмун да. Акчага зар болуп жаткандыктан «үйүңдү күрөөгө коюп турсаң, долбоор ишке кирип калса эле сага акчаңды кайтарып берем. 20 миң сом берип турабыз» десе ага ишенип, документтеримди күрөөгө коюп жибериптирмин да. Сыланкан эжеге коюп турганмын. Документти койдургандан кийин ага чейин берген убадаларын аткарган жок. Көрсө алдап кетиптир. Жакында анын үстүнөн милицияга арыз менен кайрылдым. Менден башка дагы бир эжени алдап, эки кара малын саттырып акчасын алган экен. Уялбастан эми ал эже мени карыз деп милицияга бериптир. Үйүмдү күрөөгө койдуруп акча алдырганы аз келгенсип, эми мени 145 миң сом карыз деп айып коюп, милицияга арызданып жатат. Ушундай адамдарга күч органдары катуу жаза бербесе, бизге окшогон канча адамдарды какшатып жатат. Жазасын алышы керек», - дейт ал.

Ал эми ОИИБдин басма сөз кызматы жабырлануучу Сыланкан Эгембердиеванын билдирүүлөрү боюнча жооп кайтарды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 758
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×