Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ош

Оштогу лөлү тектүүлөрдүн умра сапары: Бир үй-бүлөдөн 4 адам Меккеге барып келди

Turmush -  Ош облусунда жашаган лөлү тектүүлөр ажылык парзын аткаруу максатында умрага барып турушат. Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүндө жашаган лөлү тектүүлөрдүн элүүгө жакыны умрага барып келишкен.

Ал эми 2018-жылдын эсебинен 8 адам барса, анын төртөө бир үй-бүлө мүчөлөрү. Алар менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

44 жаштагы Феруза Нармырзаева кайненеси, жолдошу, кайниси менен чогуу кичи ажылык зыяратын аткарып келген.

«Лөлү деп цыгандар айтылат, а биз тажикпиз. Төрөлгөндө эле мусулман болуп төрөлүп, сүннөт тойлорду өткөрүп, адам өлсө жаназа окулат. Айылыбызда мечит, күмбөз бар, демек, биз мусулманбыз. Менин төрт кыз, эки уулум бар. Үч кызымды турмушка узаттым, үйдөн нике окутуп анан чыгардым. Тамга тааныбасак да намазды бири-бирибизден оозеки үйрөнөбүз. Кыздар-балдарыбызды мектепке жибербегенибиз өзүбүздүн арабызда мугалим жоктугу менен байланыштуу. Жогорку окуу жайдагы эң начар бүтүрүүчүлөрдү бизге жиберишет. Алар сабак да өтүшпөйт. Майрамдарда балдарыбыздын кийимине эптеп акча таап беребиз, бирок мугалимдер сабак окутпаганын көрдүк. Андан көрө "тиричилик кылганды үйрөн" дейбиз», - деди Нармырзаева.

Эмгектин арты менен акча топтоп, умрага барганын кошумчалады.

«Кайненем кичи ажылыкка экинчи ирет барды. Мен да экинчи жолу барууга ниет кылып жатам. Сооп үчүн шарты жок бирөөнү ордуңузга жибербейсизби дешет. Мен балдарым менен уктабай тиричилик кылганда алар жыргап уктап жатса, мен эмне үчүн тапканымды башкага беришим керек?

1 гектар жерге пахта өстүрөбүз, жолдошум цемент заводдо, балдарыбыз Россияда иштейт. Үч кызымды турмушка бердим, бирөөсү ажырашып кетти. Кыздарымды кайын журту тилемчилик кылдырабы, темир саттырабы өздөрү билет. Улуу кызымдын күйөөсү үстүнө аял алып келгендиктен ажырашты. Ал эми лөлүнүн жигиттери ата-энеси, туугандары жок башка улуттагы кыздарга үйлөнүп алышат», - деди Ф.Нармырзаева.

Анын кайниси — 38 жаштагы Сайпуддин Нармырзаев эки уул, үч кыздын атасы. Ал тойлордо оператор болуп кызмат көрсөтүп топтогон каражатка умрага барып келген.

«Биздин апабыз кыйын аял. Бардыгыбыз тапкан акчабызды апама берип, керектөөбүзгө гана алып турабыз. Келиндерине да бири-бири менен ынтымакта болууну эскертип турат. Эки иним Орусияда эмгектенишет. Эң кичүү иним биздин айылдын башчысы болуп иштейт. 9-классты аяктаган кызымды да юридикалык колледжден окутам деп жатам.

Умрага чогуу баргандарга ажыдан келген соң чай бердим. Өзбек, кыргыз улутундагы ажыга чогуу баргандар үйүмө келип, конок болуп кетишти. Кабарлашып, катташып турабыз», - деди С.Нармырзаев.

Ал эми айыл башчынын кызматын аткарып жаткан иниси аларды, балдарын билим алууга үндөп турат.

«Иним жыл сайын колунда жок үй-бүлөлөрдүн балдарын сүннөткө отургузууга жардам берет. Окугула, көчөнү таза кармагыла деп ар бирине жолугуп айтып турат», - деп кошумчалады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3207
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×