Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баткен облусуБаткен району 10.08.2018 15:49

Баткенде үйүн сел каптаган тургундарга акчалай жардам көрсөтүлдү (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 10-августта Баткен шаарында өкүлчүлүктүн имаратында селдин кесепетинен үйлөрү жабыркаган тургундарга 50 миң сомго чейинки суммадагы сертификаттар тапшырылды.

Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, ушул жылдын май-июль айларында селден жабыр тарткан Лейлек районунун 5 тургунуна жана Баткен районунун 3 тургунуна 15 миң сомдон 50 миң сомго чейинки суммадагы сертификаттар берилди.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Баткендеги өкүлү Элдос Акимбековдун айтымында, буга чейин уюм тарабынан 2016-2017-жылдары катуу шамалдан жана Сүлүктү шаарындагы селден үйлөрү жабыркаган тургундарга жалпысынан 100 миң сомго жакын акчалай жардам көрсөтүлгөн.

Быйыл Баткен жана Лейлек райондору боюнча селден жалпы 105 үй жабыркаган. Алардын ичинен 25 адам гана турак жайын камсыздандырган. Атайын комиссиянын чечими менен 8 үй тандалып алынып, сертификат берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×