Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 10.08.2018 15:39 Жаңыланды: 10.08.2018 16:48 На русском

«Жеңеке»: А.Асанованын бутуна жолдошу тарткан сүрөттөрдү кайненеси жууп берген (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылынын 29 жаштагы тургуну Ажара Асанова учурда 3 баланын энеси. Ал ушул эле райондун Жаңы-Арык айылында 1989-жылы туулган. 2011-жылы райондун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Мырзабек Кожековго турмушка чыккан. Үй-бүлөдө 6 бир тууган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жолдошум менен Бишкек шаарында студенттик кезде эле сүйлөшчүмүн. Анда мен сулуулук салондордун биринде иштечүмүн. Жолдошум менен салондон таанышкам. Кийин бири-бирибизди жактырып, баш кошуп калдык. Мени алгач жолдошум үй-бүлөсү менен тааныштыруу үчүн Жумгалга алып барды. Ата-энеси жана бир туугандары менен тааныштыргандан кийин кетели деп жатсак, кошуна апалар келип, "Боз салкын" тасмасындай болуп кала элегиңде бактылуу болгула, кармашкан колуңар үзүлбөсүн" деп жоолук салып, көшөгө тартып салышты», - деди Ажара Асанова.

Ажара кайненеси Тамара Жусупбекованы өмүр бою сыйлап өтөрүн, андан өткөн кайнене жок экенин айтып, көп балалуу болгусу келерин билдирди.

«Мен келин болуп келгенде ыраматылык кошуна Күлнар Жумагулова (Динара) жоолук салган. Ал адам көп балалуу баатыр эне эле. Ал инсан "Мендей көп балалуу бол" деп батасын берип, ак жоолугун салган. Азыр жакшы, буюрса 3 балабыз бар. Келечекте көп балалуу болууну каалайм. Кайын атам, кайын энем жакшы инсандар. Мындай кайын энени эч жерден таппайсың. Аллага шүгүр, апамды өмүр бою сыйлап өтөм. Боюмда барда ичимди оорутуп алдым. Апам "Ооруканага барабыз" деп үйдөн алып чыкты. Бир маалда орто жолдон апам "кызым, бутуң тазабы?" деп айтты. Мен "жок" десем, "анда үйгө барып жууйбуз" деди. Үйгө келип, апам менен кайын эжем экөө отургузуп алып бутумду жууп киришти (күлүп). Биз жолдошум экөөбүз бири-бирибиздин буттарыбызга сүрөт тартып ойночубуз. Апам "ушинтип да ойночу беле" деп жууган. Жолдошум "ал кетпейт" деп койду. Көрсө биз калемсап менен тарткан экенбиз. Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди карап алып боорубуз эзилгиче күлдүк», - деди ал.

Ажаранын жолдошу Мырзабек 30 жашта, кесиби боюнча эколог.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×