Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 10.08.2018 14:42 На русском

Ошто чуңкурга кулаган унаанын 24 жаштагы айдоочусу каза болду (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарындагы жол кырсыктын кесепетинен 24 жаштагы жигиттин өмүрү кыйылды. Булактар аркылуу маалым болгондой, кырсык бүгүн, 10-августка караган түнү саат 1:30 чамасында И.Раззаков көчөсүндө болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, катуу ылдамдыкта бара жаткан «Тойота Виндом» үлгүсүндөгү унаа газ түтүкчөлөрү үчүн казылган шагылга урунуп, андан кийин чуңкурга түшүп кеткен. Анын кесепетинен оор жаракат алган айдоочу — Араван районунун тургуну дарыгерлер жеткиче көз жумган.

Ош ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү түндө адам өлүмү менен коштолгон кырсык болгонун тастыктады. Учурда териштирүү иштери улантылып жатат.

тойота Виндом

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×