Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Чүй

Бурулайдын өлүмү: Денесинде «Н+Б=Х» деген жазуулары көрүнгөн сүрөт жарыяланды

Turmush -  Facebook социалдык тармагында Бурулайдын денесинде «Н+Б=Х» деген жазуулары көрүнгөн сүрөт жарыяланды. Милиция буга чейин Бурулайдын денесинде эч кандай тамгалар жок экенин билдирип, ал дефибриллятордун (медицинада электроимпулдук терапия үчүн колдонулуучу жабдык) тактары экени маалымдаган.

Буга чейин 19 жаштагы Бурулай Турдалиеваны 2018-жылдын май айынын аягында Жайыл РИИБдин имаратында аны ала качып бара жаткан жеринен кармалган жигит өлтүргөн.

Кыздын атасы Бурулайдын денесинде тамгалар жазылганын айткан. Бирок милиция аны чекке каккан болчу. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда дагы бул дефибриллятордун тактары экени жазылган.

«Бурулайды акыркы сапарга узатар күнү журналисттердин бири анын денесин сүрөткө тартып алууну өтүнгөн. Эми бул жалгыз сүрөт Бурулайды ала качкан жигит аны Жайыл РИИБдин имаратында кыйнап өлтүргөндүн далили. Сүрөттөгү дене Бурулайдыкы экенин анын атасы далилдеп бере алат», - деп жазат сүрөттү жарыялаган колдонуучу Marat Erkin.

Буга чейин Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору 21-июнда аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертизанын кортундусун чыгарышкан.

Соттук-медициналык экспертизанын кортундусуна ылайык, Бурулайдын денесинде «Н+Б=Х» деген жазуу табылган эмес. Сол көкүрөк тушунда биринчи даражадагы күйүк болгон. Денени жандандыруу иш-чараларында жүрөккө 3-4 жолу дефибриллятор жасалган учурда бурчтары тегеректелген тик бурчтуу күйүк тактар пайда болгону айтылган.

2018-жылдын 23-июнунда каза болгон кыздын мыйзамдуу өкүлү, маркумдун атасы Т.Кожоналиев менен жабырлануучунун жактоочусу Жазык-процесстик кодексинин 202-беренесинин 1-бөлүмүнүн 6-пунктунун талаптарына ылайык соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен тааныштырылып, алар маркумдун денесинде «Н+Б=Х» жазуу табылган эмес деген эксперттердин кортундусуна макул эместигин айткан. Денени эксгумация кылуу менен кайрадан соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүгө өтүнмө жасашкан болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

04.06.2018С.Жээнбеков 19 жаштагы Бурулайдын өлүмүнө жол бергендерди катуу жазалоону талап кылды
04.06.201820 жаштагы Бурулайдын өлүмүнө шектүү кайра жандандыруу бөлүмүнөн которулду
04.06.201820 жаштагы Бурулайдын өлүмү: ОИИБ менен РИИБдин жетекчилери кандай жаза алышты? (жыйынтык)
11.06.2018Бурулайдын өлүмү: Ала качкан кызды милициянын имаратында өлтүргөн шектүү абакка киргизилди
20.07.2018Бурулайдын өлүмү: Жайыл РИИБдин башчысынын жаңы орун басары дайындалды
24.07.2018Бурулайдын өлүмү: Кыздын ата-энесинен кечирим сурадым, - министр К.Жунушалиев
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 15243
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×