Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Чүй облусу 10.08.2018 14:01

«Ооруканада көз жумган»: Бурулай тирүү болгондо эртең туулган күнүн белгилемек (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 10-августта Жайыл РИИБдин имаратында ала качкан жигиттин колунан бычакталып каза болгон 20 жаштагы Бурулайдын эстелиги орнотулду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бурулай тирүү болгондо эртең туулган күнүн белгилемек. Ал 1998-жылы 11-августта жарык дүйнөгө келген болчу.

Учурда Бурулайдын өлүмү боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Буга чейин 21-июнда Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертизанын кортундусун чыгарышкан.

Соттук-медициналык экспертизанын кортундусуна ылайык, Бурулайдын денесинде «Н+Б=Х» деген жазуу табылган эмес. Сол көкүрөк тушунда биринчи даражадагы күйүк жараты болгон. Денени жандандыруу иш-чараларында жүрөккө 3-4 жолу дефибриллятор жасалган учурда бурчтары тегеректелген тик бурчтуу күйүк тактар пайда болгон.

2018-жылдын 23-июнунда каза болгон кыздын мыйзамдуу өкүлү, маркумдун атасы Т.Кожоналиев менен жабырлануучунун жактоочусу Жазык-процесстик кодексинин 202-беренесинин 1-бөлүмүнүн 6-пунктунун талаптарына ылайык соттук-медициналык экспертизанын кортундусу менен тааныштырылып, алар маркумдун денесинде «Н+Б=Х» жазуу табылган эмес деген эксперттердин кортундусуна макул эместигин айтып, денени эксгумация кылуу менен кайрадан соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүгө өтүнмө жасашкан болчу. Бирок кийинчерээк Т.Кожоналиев денени эксгумация кылууну токтотуп, өзүндөгү сүрөттөрдүн жардамы менен кайрадан экспертиза дайындоону чечкен. Маркумдун жакындары бул жолку экспертизанын жыйынтыгына да канааттанган жок.

«Мурунку экспертизанын жыйынтыгы кандай чыкса, андан кийин деле ошондой чыкты. Бир гана убактылар башка чыкты. Тактап айтканда, Бурулай ооруканадан каза болду деп чыкты. Ички иштер министрине жолугалы десек, биздин жактоочубуз бошобой калды. Эртеси барсак, министр ордунда жок экен. Министрдин орун басарына эмес, министрдин өзүнө эле жолугалы деп кетип калдык», - деди эжеси.

Бишкек шаарынан ала качып чыккан жигиттин колунан бычакталып каза болгон 20 жаштагы кыз 29-майда жерге берилген эле.

60 жаштагы атасы Турдалы Кожоналиевдин айтымында, кызын ушул жылдын 25-августунда турмушка узатып, тоюн өткөрмөк. Бирок ага жеткирбей, 27-майда кызын 30 жаштагы жигит ала качып, андан соң милиция бөлүмүндө бычактап салган.

Милиция кызматкерлеринин маалыматына караганда, 27-майда саат 22:00 чамасында Биринчи май РИИБге 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып кетишкени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул факты боюнча Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Андан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айдоочусу жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. (эркек киши) жана 20 жаштагы Т.Б. Жайыл РИИБге жеткирилген. РИИБдин кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (кызды ала качып бара жаткан киши) кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө кошо бычак сайып, алар дароо оорукана жеткирилген. Бирок Жалал-Абад облусунда төрөлүп, Бишкек шаарында жашап жаткан 20 жаштагы кыз оор жаракаттын кесепетинен жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Ал эми 29 жаштагы жигит Талас облусунун тургуну болгон. Ал кийинчерээк абакка киргизилип, өз көрсөтмөсүн берип баштаган. Ошондой эле Жайыл РИИБдин имаратында жасалган адам өлтүрүү фактысына байланыштуу тергөө иштери жана милиция кызматкерлерге карата жүргүзүлгөн кызматтык териштирүү иши Ички иштер министри Кашкара Жунушалиевдин өз көзөмөлүнө алган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×