Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Чүй

Сокулуктагы Фрунзе айыл өкмөтүнүн имараты менен борбордук көчө оңдолду (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Фрунзе айыл өкмөтүнүн имараты жана борбордук көчө союз тарагандан бери оӊдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Кабылбек Бешинбаев билдирди.

«Бул көчө айыл аймактын эӊ негизги борбордук көчөсү, жүзү. Ушул Институт көчөсү 1980-жылдан бери бир дагы жолу оӊдоп-түзөөдөн өтпөптүр. Айыл өкмөткө келе жаткан жол аӊгыл-дөӊгүл болуп калган. А, негизи жылына айыл өкмөткө караштуу 4 айылга 2 млн 200 миӊ сом ички жолдорду оӊдоого бөлүнүп турат экен. Бирок таш жана шагыл менен гана жасап коюшчу. Ал жол болсо көп өтпөй чөгүп, кайра эле баягы кейпине келчү. Ошондуктан акчаны жөн эле коромжу кылбай, жакшылап оңдоп чыгууну эп көрдүм», - деди ал.

Айыл башчынын айтымында, 1968-жылы айыл чарба институтунун лабораториясы болуп курулган имарат кийин 1980-жылдын аягы менен айылдык кеңешке берилген. Ошол жылдардан бери оӊдолбой келген айыл өкмөттүн имаратынын сырты жана чатыры жаӊыртылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 411
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×