Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 10.08.2018 11:31 На русском

Кадамжайда тургундардын акчасын, унаасын алдап алган 2 адам борбордогу батирде жашынып жүргөн (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районунда тургундардын акчасын, унаасын алдап алып, качып жүргөн эки шектүү адам Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын башында милиция кызматкерлерине акчасын, автоунаасын алдаткан бир нече адам арыз менен кайрылган. Шектүүлөр Кадамжай районунун тургуну Т.Н.дан 75 миң сом, А.Г.дан 70 миң сом, К.А.дан 118 миң сом жана «Фольксваген Гольф 3» үлгүсүндөгү унаа, М.К.дан 170 миң сом жана «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа, Б.Ы.нын «Хендай Старекс» унаасын алышкан.

Мындан тышкары алар К.И. аттуу тургундун ишенимине кирип, Кадамжай шаарынан жер тилкесин алып берем деп 1000 доллар жана 85 миң сом акча алдап алган. Шектүүлөр Кадамжай шаарынын борборуна оргума куруп беребиз деп алдап, М.М. аттуу тургун «Хово» унаасы менен кум-шагыл ташып берген. Жабырлануучу 90 миң сом зыян тарткан. Алар телефонун өчүрүп, изин жашырып кеткен.

Бул фактылар боюнча Кадамжай РИИБ Кылмыш-жаза кодексиндеги 166-берененин (алдамчылык) негизинде кылмыш иш козгогон. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып, аларга издөө жарыяланган. РИИБдин кызматкерлери 5-август күнү шектүү катары мурда сот жоопкерчилигине тартылган Баткен шаарынын 39 жаштагы тургуну Э.С. жана Кадамжай районунун Халмион айылынын 59 жаштагы тургуну И.С.ны колго түшүрдү. Алар Бишкек шаарынын аймагындагы батирлердин биринде жашынып жүрүшкөн.

Кармалган Э.С. 2018-жылы 9-мартта Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын Таш-Дөбө айылынын тургуну К.П.нын үйүнө мыйзамсыз кирип барып, анын тынчтыгын бузган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 137-берененин (турак жайдын кол тийгистигин бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×