Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Талас облусуТалас району 10.08.2018 16:17 На русском

«Экөө эротика көрүп жатышкан»: Таласта эркек кишини зордуктоого шектелип таанышы кармалды (толукталды)

Turmush -  Талас районунда эркек кишиге сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасаган деп шектелген адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 7-август күнү Талас районунун 1980-жылы туулган тургуну милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, өзүнүн үйүнөн 1981-жылы туулган таанышы күч колдонуп, зордуктаганын билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди жасоо) менен кылмыш иши козголду. Учурда териштирүү иштери уланууда.

Айылдаштарынын айтымында, милиция кызматкерлерине арыз жазган тургун намаз окуган адам болгон.

«Эч кимге зыяны жок, тынч жүрчү. Намаз окуган бала эле. Жубайы экөө ажырашып, 2 баласынын бири өзүндө калып, экинчисин аялы өзү менен чогуу алып кеткен. Окуя 2-августтан 3-августка караган түнү болуптур. Таанышы экөө эротикалык тасма көрүп жатышкан экен. Бирок өзүнүн макулдугу менен эмес, зордуктоо болгон деп айтып жатышат. Ал эми шектүү катары кармалган адам да Талас районунун тургуну болгон», - деп билдиришти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×