Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 10.08.2018 09:23

Айыл турмушу: Лейлектик И.Юлдашев суу жетпеген 3 гектар жерди бакчага айлантты (сүрөт)

Turmush -  Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Кулунду айылынын 31 жаштагы тургуну Исак Юлдашев 3 гектар кургак жерди өздөштүрүп, көчөттөрдү тигип, бакчага айлантты. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бир кыздын атасы багбанчылык жана дыйканчылык менен киреше таап, үй-бүлөсүн багып келет. Жубайы Бурмакан Ысманалиева менен бирге түтүн булатканына 2 жылдын жүзү болду.

Ал 7 жыл мурун жерди өздөштүрүүгө 700 миң сомго жакын каражат сарптаган. Жер кургак болгондуктан каналдан суу алып келүүчү атайын курулма куруп, бир топ кыйынчылык тарткан. Жерди өздөштүрүүгө атасынын салымы чоң болгон. Себеби ал уулуна жол көрсөтүп, багбанчылыктын сырларын үйрөтүп, кеңеш берип келет. Дыйкан азырынча кирешесин эсептей элек. Анткени тиккен көчөттөрү жаңыдан мөмө берип баштады.

«Гиластын көчөтүн эрте жазда бутап, астын жумшартып, керектүү жер семирткичтерди сээп туруу зарыл. Учурда элге эрте быша турган, тактап айтканда май айында бышкан гиластын көчөттөрүн өстүрүп берип жатам. Өзүм 2 гектар жерге гиластын көчөттөрүн отургуздум. Алар быйыл мөмө байлап, түшүм берип баштады. Быйылкы жылы гиластын өзүнөн 200 миң сомго жакын, ал эми көчөтүн сатып, 50 миң сом киреше таптым. Дагы 1 гектар жерге жүзүм, алмурут, алманын көчөттөрүн отургузгам. Алар да жаңыдан мөмө берип баштады. 2-3 жылдын аралыгында жакшы түшүм алып, кетирген чыгымдарым эки-үч эсе акталат деп ойлойм», - деди ал.

Дыйкандын атасы Абдумажит Юлдашевдин айтымында, бул жердеги көчөттөргө суу жеткире албай убара болушчу. Анткени суу көчөттөргө жеткенге чейин жерге сиңип кетчү. Айылда сугат суу жетишсиз болгондуктан бакчанын жарымы гана сугарылчу.

«Мындан улам тамчылатып сугаруу системасын орнотууга туура келди. Натыйжада эл аралык уюмдардын колдоосу менен 27 куб суу сактоочу кампа да курулган. Учурда ар бир көчөттүн түбүндө суу түтүкчөлөрү бар. Бул түтүкчөлөр менен жалпы 450 түп көчөт сугарылат. Бул системаны орнотуу үчүн бейөкмөт уюм тарабынан 2 миң доллар бөлүнгөн. Ошондой эле суу топтоочу кампага каналдан суу алып келүү үчүн атайын курулма да курулду», - дейт А.Юлдашев.

Азык түлүк жана айыл чарба уюмунун Баткен облусу боюнча координатору Матраим Юсупов: «Дарыяда суу болгон убакта да каналдарыбызга батпайт. Жерлер аябай көбөйүп кетти. Ошондуктан биз тургундарга сууну эффективдүү, сарамжалдуу пайдаланууну үйрөтүшүбүз керек. Биздин уюм ушул багыт боюнча бардык Суу пайдалануучулар ассоциациялары менен иштешип жатат. Биздин эң негизги максат — ар бир дыйканга суу жеткирип берүү», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×