Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Жалал-Абад

Кыргызстандын жаратылышы: Миңдеген кийиктер мекендеген Миң-Теке жайлоосу (фото)

Turmush -  Чаткал, Авлетим тоолорун бириктирген кырка тоолордо «Манас» эпосунда кездешкен Миң-Теке аска зоолору бар. Ал зоолордо кийиктер көп мекендешет. Миң-Теке жайлоосу жана ал жерди мекендеген кийиктер тууралуу «Жапайы айбанаттарды коргоо» агенттигинин жетекчиси Гамал Сооронкулов айтып берди.

Анын айтымында, Миң-Теке жайлоосу Чаткал, Авлетим кырка тоолорунда жайгашкан. Миң-Теке деп аты айтып тургандай эле кийик абдан көп байырлайт.

«Миң-Теке жайлоосунда союз учурунда 1 миңдей текелер чогулуп, сууга түшкөнүн көргөндөр болгон. Миң-Теке тоолору тууралуу «Манас» эпосунда дагы кездешет. Учурда дагы кийиктер көп болушу керек. Ал тоолорго чыгуу өтө кыйын. Абдан бийик жана жолу татаал. Адамдар аз баргандыктан кийиктер тынч жерди байырлашса керек. Мөңгүлөрү кышы-жайы кетпеген кийик мекендей турган жакшы жер. «Манас» эпосунда кездешкени бизди абдан кызыктырат. Ошол мезгилде дагы текелер көп болгон окшойт. Койдой жайылып жүрөт деп баяндалган. Айрым адамдар 1 жылда бир жолу миң теке чогулганы боюнча уламыштар бар экенин айтып калышат», - деди ал.

Анын айтымында, Миң-Теке жайлоосу коргоого алынып, анда байкоочу камералар дагы орнотулган.

«Ал жерлерде кийиктерди көрүүгө, аларды мергенчилерден сактоого атайын камералар коюлган. Кийиктерди атууга келген мергенчилер дагы болушу мүмкүн», - дейт ал.

Миң-Теке жайлоосу Аксы-Чаткал райондорунун борборунан 150 чакырым алыста жайгашкан. Ал тоолордо илбирс дагы мекендеши мүмкүн экени айтылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1060
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×