Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Талас

Жаш талант: 16 жаштагы Аяна кагаздан 5 миң сомго бааланган гүлдөрдү жасайт (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Ак-Жар айылынын 16 жаштагы тургуну Аяна Жалынбек кызы кагаздан 5000 сомго бааланган гүлдөрдү жасайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Аяна 2002-жылы 7-декабрда аталган айылда төрөлгөн. Ал Калыбаев атындагы орто мектепте 9-классты аяктады.

«Гүл жасап калуума апам себеп болду. Ал бала бакчада эмгектенет. Учурда интернеттен карап, түрдүү гүлдөрдү жасап жатам. Ошондой эле жакын адамдарыма белек катары ар кандай гүлдөрдү жасап берем. Бир күнү таежем гүлгө буйрутма берди. Ошондон кийин гүлдөрдү буйрутма менен жасап калдым. Ата-энем бул иш менен алектенүүмө каршы эмес. Гүл жасоого кеткен каражаттарды ата-энем Кара-Буура районунан алып келип беришет. Айрым учурда алар "гүл жасап берчи, белекке алып баралы" деп калышат», - деди ал.

Учурда окуусуна көп көңүл буруп, буйрутманы аз алып жаткан Аяна: «Кирешемди эсептеп көрбөптүрмүн. Көбүнчө туугандарыма жасап берем. Ал эми гүлдөрдүн баасы көлөмүнө жараша болот. Канчалык чоң болсо, ошончолук кымбат болот. Аны кооз кылып жасоо үчүн көп убакыт талап кылынат. Мисалы, 101 розаны 12 күндө жасап бүтүрөм. Ал 5 миң сомго бааланат. Ал эми ага колдонулган материалдарды 1,5 миң сомго сатып алууга болот.

Жеке бизнести баштаганыма 1 жыл болду. Негизи 3-классымдан бери гүл жасап келем. Бир жылда 100 гүл жасадым. Учурда атайын кутуларга салынган гүлдөргө суроо-талап көп болууда. Гүлдү жасап бүткөндөн кийин кубанып, көңүлүм тынчып калат. Себеби аны жасап жатканда жаман нерселерди ойлонууга убакыт жок болот. Бул өнөр сабырдуулукка үйрөтөт», - деди.

Жаш кол өнөрчү үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 669
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×