Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 09.08.2018 14:55 На русском

Кара-Суунун тургуну чоң атасынын ысымы берилген мектептен 50 түп терек кыркып кетти

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Сары-Колот айыл аймагындагы С.Карыбеков атындагы мектептин айланасынан жергиликтүү тургун 50 түп теректи кыркып кетти. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу райондук аймактар аралык башкармалыгынын улук инспектору Чыңгызхан Меражиддин уулу кабарчыга билдирди.

«С.Карыбеков мектебине теректерди кыркып кеткен жашоочунун чоң атасынын ысымы берилген. Ал жаран "чоң атам эккен теректер" деп кесип кетиптир. Бул иш боюнча биз 52 миң 205 сом айып пул жазып, ишти сотко өткөрүп бергенбиз. Бирок Кара-Суу райондук соту бул ишти кароодон баш тартып, материалдарды кайра райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп бердик», - деди Ч.Меражиддин уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×