Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 09.08.2018 10:11

Айыл турмушу: Назия жолдошунун колдоосу менен спортко келип, таяк тартышта ийгиликтерди жаратууда (сүрөт)

Turmush -  Назия Майлибашева таяк тартыш боюнча мелдештерге катышып, ийгиликтерди жаратууда. Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Рот-Фронт айылында 1985-жылы төрөлгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, спортко келип калышына жолдошу чоӊ түрткү болгон.

«Спорт менен машыгып келе жатканыма 2-3 жылдын жүзү болду. Андан мурун деле машыкчумун, бирок анда-санда гана. Бир күнү Эркин деген агайым келип, "таяк тартыш спорту жакшы өнүгүп келе жатат. Ушуну менен машык" деп калды. Чынын айтсам анда мен көӊүлдөнгөн жокмун. "Жашым отузда болсо, азыр мага каяктагы спорт" дедим. Бирок, жолдошум Милан "баары жакшы болот, спорт менен машык" деди. Башында жөн гана машыгып жүрдүм. Андан соӊ кызыгып кеттим. Эӊ алгачкы мелдештерге чыкканда эле 3-орунду алдым. Бул дагы мага дем берди. Андан соӊ Алматадан, Ташкенттен 2-орунду алып келдим. Акыркы жылдары Азия боюнча өткөн мелдештерден жакшы орундарга илинип келе жатам. Республикалык мелдештерде 1-орундарды да жеӊип жүрөм», - деди ал.

Назия спорт аял киши үчүн оор экенин баса белгиледи.

«Чынында спорт аял үчүн оор. Спорттон сырткары ишкерлик кылам. Ага да, үйгө да жетишиш керек. А, мен болсо жолдошумдун, ата-энемдин, туугандарымдын жардамы менен баарына жетишип жатам.

Машыкканы үйдөн чыгып бара жатсам, 5 жаштагы кичинекей кызым жолумдан чыгып, "Апа сиз кайда? Үйдө отуруӊуз, мен сиздин ордуӊузга барып, мен да апамдай күчтүү болом деп айтып келем» деп баарыбызды күлдүрөт. Үйдө баарыбыз эле ушул таяк тартыш менен машыгып калдык», - деди ал.

Спортчу айым 1 уул, 1 кыздын апасы.

«Атам Калмырза, апам Фатима жана Канат аттуу бир тууган иним бар. Жолдошум Милан экөөбүз 1 уул, 1 кызды татыктуу тарбиялап өстүрүп келе жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×