Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-август
Ысык-Көл

Көлгө чогуу келишкен: Түптүн тургуну сууга чөгүп каза болсо, эжеси комага түштү (фото)

Turmush -  Түп районунда сууга чөгүп каза болгон 44 жаштагы Максат аттуу тургундун эжеси оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнүн башчысы Б.Казакбаев билдирди.

Анын айтымында, Түп районунун Шаты айылынын 1974-жылы туулган тургуну Р.Максат 7-августта көлдүн терең жерине кирип кетип чөгүп каза болсо, эжеси Р.Роза стресске кабылып, ушул кезде Түп райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө эсине келе албай жатат.

Россияда иштеп келген Р.Максат, эжеси Р.Роза жана эжесинин курбусу болуп Сары-Булак айыл өкмөтүнө тиешелүү Пристань көл жээгине Түптөн такси жалдап барышкан. Кечинде келип алып кет дешип таксини жөнөтүп жиберишкен. Балыкчылардын айтканы боюнча, терең жана балыр баскан жер деп айткыча Максат көлгө секирип, дароо чөгө баштаган.

Балыкчылар «102» кызматына телефон чалышып, саат 17:35те өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, майор Б.Казакбаев өзүнүн кызматкерлерин, райондук ИИБдин кызматкерлери, медициналык тез жардам унаасы райондук прокуратура кызматкерлери менен бирге окуя болгон жерге жетип барышат.

Саат 18.00дө сууга чөккөн Р.Максаттын сөөгүн балыкчылар менен жергиликтүү тургундар алып чыгышкан. Максаттын сөөгү тергөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 18.30да Түп РИИБдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Стресске кабылган Р.Роза тез жардам унаасы менен тез жардам бөлүмүнө жеткирилип, кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал учурда кайра жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Ал эми кырсык болгон жерде сууга түшүүгө уруксат жок болгонун эскерткен белгилер бар болгон.

ӨКМдин райондук бөлүмү менен Түп РИИБдин кызматкерлери сууга түшүүнүн эрежелерин эскерткен белгилерди жаңыртып, көлдүн көрүнүктүү жерлерине жана райондун борборундагы эл көп болгон жерлерге, көл жээгиндеги пансионаттар менен муниципалдык пляждарга илип чыгышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5229
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×