Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Жалал-Абад

Майлуу-Сууда мисте терип жүргөн окуучу жардан кулап кетип каза болду

Turmush -  Майлуу-Суу шаарында мисте терип жүргөн окуучу бийик жардан кулап каза болду. Бул маалыматты жергиликтүү тургундар Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына тастыктаган.

Маалыматка караганда, кечээ, 7-август күнү 14 жаштагы майлуу-суулук окуучу өзү теңдүү балдар менен Тулку-Колот адырында мисте теришкен. Үйгө кайтып бара жатканда маркум балдардын артында калып калган. Ал эми бирге барган балдар маркумду күтүп, акыры өзү келет деген ойдо үйлөрүнө кетишкен.

Ал эми артта калган окуучу ошол бойдон кайтып келген эмес. Анын жансыз денесин бүгүн, 8-августта Тулку-Колот адырынан табышкан. Майлуу-Суу шаардык мэриясы да бул окуяны тастыктады.

Алдын ала маалыматтар боюнча көз жумган окуучу шаардагы №5 мектепте 9-класска көчкөн. Ал эми кырсык болгон аймак Ноокен районуна карагандыктан, бул факты боюнча Ноокен РИИБдин кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Азырынча маалым болгондой, маркум бала тайларынын колунда тарбияланып жаткан. Ал эми ата-энеси Россияда эмгектенип жүрүшкөн.

Окуя болгон жер

Жаржар

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2317
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×