Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 08.08.2018 10:20 Жаңыланды: 08.08.2018 16:51 На русском

Элдик уламыш: Токтогул ГЭСнин платинасы сүйүү тоолорунун ортосунда жайгашкан

Turmush -  Токтогул Каскаддар ГЭСинин платинасы сүйүшкөн түгөйлөрдүн ысымы менен аталып калган. Бул тууралуу уламышты гидрокуруучу, 1996-2008-жылдардагы шаардык кеңештин төрагасы, 2008-2010-жылдардагы Майлуу-Суу шарынын мэри Сабыржан Токтогулов айтып берди.

Анын айтымында, бул уламышты ал 20 жыл мурун бир карыядан уккан.

«Ал карыянын аты-жөнү эсимде калбаптыр. Жай отуруп тоолор жөнүндө сүйлөшкөнүбүздө, ал ар бир тоонун өзүнүн уламышы бар экенин айтып, ушул уламышты дагы айтып берген эле.

Нарын дарыясынын бүгүнкү Токтогул ГЭСинин платинасы турган жериндеги оң жагындагы тоо Абла, сол жээгиндегиси Тегерек деп аталган экен. Илгери караханиддер доорунда болсо керек. Азыркы Абла тоонун башында Абла аттуу жигит жылкы кайтарып жүрсө, берки тоонун башынан күмүш-шыңгыр үндүү кыздын ырдаган үнү угулат. Күн алыс жылкысын кайтарып жүргөндө да ошол кыздын ырдаган үнүн кээде угуп, кээде укпай жүрөт. Анан Нарын дарыясынын суусу тартылып баштаганда берки өйүзгө өтүп, азыркы турган Кара-Көл жакка келип, кыздын ырдаган үнүн угуп, ал ким экенин эл арасынан сураштыра баштайт. Ошондо эл оозунан Тегерек кыздын ырдоо өнөрү бар экенин угат. Издеп таап, Тегерек менен таанышып, бир нече жолу жолуккандан кийин экөө бири-бирин жактырып калат. Алар кандай тоскоолдук болбосун экөө бири-бирин таштап кетпей, сүйүүсүн бекем кармоого ант беришет.

Ошол кезде хан алыска чоң жортуул жасап, ат үстүндө жүрүп, курал кармаганды билген жигиттерди аскерге чакырат. Анын ичинде Абла да чакырылып, жортуулга жөнөп кетет. Жортуулда хандын аскерлери эки жылдай жүрүп калат. Жоону жеңүүдө Абла жигит жекеме-жеке кармашка көп чыгып, өзүнүн күчтүүлүгүн, шамдагайлыгын көрсөтөт. Беттешкендерин жеңип, хандын жеңишине көп салым кошуп, баатыр деген наамга ээ болот.

Жортуулдан кайтып келе жатып үйүнө жакындап калган кезде айылдаштары жолугуп, Тегерек сүйгөн кызына башкалар жуучу түшүп, анын жакын арада турмушка чыга турганын кабарлашат. Ошол кезде Нарын дарыясынын суусу кирип, көбөйүп турган мезгил экен. ГЭСтин платинасы жок учур деп элестетсек болот. Нарын дарыясынан жөө адам эмес, атчан адам да өтө алчу эмес дешет. Сүйүүнүн күчү керемет дегендей Абла баатыр атын сууга сала бергенде, дарыя аты менен агызып кетет. Адамдар Абланын аты менен сууга акканын көрүп, Тегерекке "жортуулдан келип, сенин турмушка чыгарыңды угуп, дарыядан өтөм деп өтө албай агып кетти" деп кабар беришет. Тегерек кабарды угуп, антыбызды бузбай сөзүнө турган экен деп, дарыянын жээгинде боюн таштай турган болот. Ошондо артынан бир караан келип кармап калат. Бурулуп караса Абла баатыр болот. Ал эми Абланын аты согушта жүрүп, ар кандай кырдаалга бышкан тулпар болот. Дарыяга агып баратып, ылдыйлап барганда суунун жай аккан жеринен минген аты кайра оңолуп, Абланы жээкке алып чыккан экен. Бул дагы сүйүүнүн күчү. Бүгүнкү күндө Абла тоосу менен Тегерек тоосунун ортосунда Токтогул ГЭСинин бекем платинасы жайгашкан», - деп Сабыржан Токтогулов карыядан уккан уламышын айтып берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×