Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 07.08.2018 11:05 На русском

Чүйдө изделип жаткан 52 жаштагы таксистти мууздап кетишкен

Turmush -  Чүй облусунда изделип жаткан 52 жаштагы Бактыбек Чылпаковдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Жээк айылынын тургуну Бактыбек Чылпаков такси кызматында иштечү. Ал 5-августта эртеӊ менен үйүнөн жумушка унаасы менен кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес.

Маркумдун уулу Атай: «Мен азыркы тапта Москвадамын. 5-август күнү эртеӊ менен жумушка чыгып кетиптир. Москванын сааты боюнча кечки саат 18:00дө аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөм. Ал "Кардарлар келип калды" деп телефонун өчүрүп койгон болчу. Андан кийин эле телефону өчүк болуп калды.

Ал бир топ жылдан бери такси кызматында иштеп келет. Көбүнчө Тузов, Серафимовго каттайт. 3 уул, 1 кызы бар. Мындай окуя мурда болчу эмес. Каякта жүргөнүн бизге айтып турчу», - деп билдирди.

Бактыбек Чылпаков «Хонда Одиссей» (мамномур S 6509 AX) үлгүсүндөгү автоунааны айдачу.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы: «6-августта Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө дайынсыз жоголгон кишинин 1951-жылы туулган жубайы арыз менен кайрылган. Бул арыз кылмыш каттоо китебине катталып, ыкчам иликтөө тобу издөө иштерин башташкан. 6-августта кечки саат 22:00 чамасында ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жоголгон адамдын «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасы Кант шаарынын Хунчи айылынын жанындагы айдоо талаасынан табылган.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөөсүнүн натыйжасында 52 жаштагы Ч.Б.нын жансыз денеси Кант шаарына кетип бараткан жакта, тактап айтканда Хунчи менен Биринчи май айылдарынын ортосундагы айдоо аянтчасынан табылды», - деп билдиришти.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) жана 123-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголду.

Издөө иштерине катышкан айылдык тургундардын айтымында, маркумдун денесине 4-5 жолу бычак сайылып, мойнунан мууздап кетишкен. Ошондой эле, унаага кароо жүргүзгөн маалда анын ичинде кандын тактары, чегилген чылымдын калдыктары табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×