Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Баткен облусу, Кадамжай 07.08.2018 11:32

Кадамжай сурьма комбинатына таандык бир нече объект аукционго коюлду

Turmush -  «Кадамжай сурьма комбинаты» ачык акционердик коомуна таандык имарат, электр мамылары, тазалоо курулуштары, трансфарматорлор, от жагуучу имарат жана чакан ГЭС ачык соода-сатыкка (аукцион) коюлду. Бул тууралуу Кадамжай райондук сот аткаруучулар кызматтык бөлүмү билдирди.

Тизме:

- Промсанлаборатория имараты (Кадамжай шаары, промзона аймагы) — 3 824 000 сомго бааланган;

- Жийделик айылы аймагындагы 34 электр мамы (ВЛ-6 кВ, Кадамжай шаары) — 1 226 000 сомго бааланган;

- Бойлерная тазалоо курулуштары (ВЛ-6 кВ, Кадамжай шаары) — 3 748 000 сомго бааланган;

- КТП 160/6, ТМ 160/6/0, 4 трансформатору менен (КТП 160/6, с трансформатором ТМ 160/6/0,4) — 124 000 сомго бааланган;

- КТП 400/6, ТМ 400/6/0,4 трансформатору менен (КТП 400/6, с трансформатором ТМ 400/6/0,4) — 163 000 сомго бааланган;

- ЗРУ-6 КВ «Бойлерная» — 1 540 000 сомго бааланган;

- От жагуучу имарат (здание котельной) — 961 000 сомго бааланган;

Карызкор «Кадамжай сурьма комбинаты» ААКка таандык Жийделик айылында жайгашкан чакан ГЭСтин объектиси жалпы 87 570 526 сом.

а) Курулмалар жана имараттар (здания и сооружения) — 47 646 709 сомго бааланып аукционго коюлду;

б) жабдуулары — 39 923 817 сомго бааланып аукционго коюлуп, ачык соода-сатыктан сатылып, мажбур түрүндө аткаруу үчүн аукцион жарыяланды.

Ачык соода-сатык (аукцион) 2018-жылдын 28-сентябрь күнү саат 14:00дө Кадамжай шаарынын Завод көчөсүндөгү «КСК» ААКтын административдик имаратында өтөт.

Байланыш үчүн телефондор: (03655) 5-04-63, (0770) 587458, (0551) 01 01 10 Кадамжай райондук САКБму.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×