Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Талас

«Полюс Голд» компаниясы Бөлтөктөгү 30 жылдан берки сугат суу көйгөйүн чечти

Turmush -  Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Бөлтөк жергесинин дыйкандары чоң кубанычта. Отуз жылдан ашык тазаланбай жаткан Жалпактил каналы оңдолуп, учурда суу берилип жатат.

Бул аймакта көп жылдап суу чыкпай, сугат суу талаш болуп келген эле. Анын кесепетинен айрым дыйкан чарбалар жабылып, жерин таштап кеткенге аргасыз болгондор да бар. Эми бул көйгөйлөр арта калды.

«Полюс Голд кей джи» кыргыз тоо-кен компаниясынын көмөгү менен 14 километрге жакын жерден канал кайра казылып чыккан. Ишкана оор техникасы, жумушчулары менен жардамдашса, айыл өкмөттөрү күйүүчү май менен көмөктөштү.

Жаңы каналдын тереңдиги 3 метр болсо, кенендиги 5 метрге чейин жетет. Андан сырткары каналдын жээктери бийиктелип, селден коргоочу тосмо курулду. Эми бул канал кошумча 300-500 гектар айдоо аянтын суу менен камсыз кылып, келечекте бул аянтты дагы кеңейтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

«Каналды кайра ишке киргизүүнүн натыйжасында айдоо жерлерин суу менен камсыздоо бир топ жакшырат. Дыйкандардын жер сугаруудагы ашыкча чыгымдары кыскарат. Жаңы канал суу менен гана камсыздабастан, Бакай-Ата районунун суу камсыздоо тармагын өнүктүрүүгө салым кошот», - дешет дыйкандар.

Жергиликтүү суу пайдалануучулар ассоциациясынын төрагасы Улан Жумашалиев:

«Каналга суу Үрмарал дарыясынан бурулуп келет. Каналдын узундугу 13,7 км болот. Мурда канал 500 гектар жерге суу берет деп бекитилген болсо, эми 1000 гектарга чейин жер сугат суу менен камсыз болот. Ошондо жалпысынан бул каналга байланган жердин аянты 1,5 миң гектарга жетет. «Полюс Голд кей джи» компаниясына жергиликтүү айыл өкмөтү гана эмес, жалпы район ыраазычылык билдирсе болот. Канал жалпы районду сугат суу менен камсыздоого оң таасирин тийгизет».

Кубандык Бердалиев, Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн айыл чарба боюнча башкы адиси:

«Каналдын ачылышы менен дагы 300-350 гектар жерди суу менен камсыз кылып өздөштүрсө болот. Бөлтөктөн дагы 250 чарба суу менен камсыз болот. Жай чилдесиндеги саратанда өсүмдүктөр сугат сууга муктаж болуп турганда жакшы иш болду.

Мурда сайдан сел түшүп, айдоо талааларын басып калчу эле. Азыр каналдын чекеси бийик болуп көтөрүлүп, селден коргоочу тосмо да болуп калды.

«Полюс Голд кей джи» компаниясын бизге Кудай өзү буйруптур. Биздин 31 жылдан бери чечилбей келе жаткан суу көйгөйүбүздү чечип беришти. Ыраазычылык билдиребиз! Суу жетиштүү болуп, түшүм жакшы болсо, элдин кирешеси дагы өсөт».

Бул аймактагы дыйкандары негизинен төө буурчак өндүрүшөт. Ал эми айдоо жеринин 85 пайызы ушул төө буурчакка берилген.

Андан сырткары, ишкана райондун Өзгөрүш, Боо-Терек айылдарынын жолдорун оңдоп, калдыктарды таштоочу жай даярдап берди. «Полюс Голд кей жи» компаниясы бул иш-чаралар президент С.Жээнбековдун демилгесин колдоп, Аймактарды өнүктүрүү жылына багышталып аткарылганын белгилейт.

Кыргыз тоо-кен «Полюс Голд кей джи» компаниясы Талас облусундагы Үрмарал чакан алтын кенин казууга лицензия утуп алган болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1743
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×