Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусу, Нарын 03.08.2018 07:58 Жаңыланды: 03.08.2018 09:18 На русском

Сүйүнчү! Памирден келген этникалык кыргыз Ширинбү уул төрөдү (сүрөт)

Turmush -  Ооганстандын Кичи Памиринен Нарын шаарына билим алууга жолдошу жана туугандары менен келген 19 жаштагы Ширинбү (паспорт боюнча Ширинбүбү) Абдулваид кызы Нарын шаарындагы төрөт бөлүмүндө көз жарды. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы ооруканада биринчи уулун көз жарып кубанып турган памирлик келинден кабар алды.

Төрөт бөлүмүнүн дарыгери Кундуз Карымшакованын айтымында, Ширинбү кош бойлуулуктун 34 жумасында айына жетпей төрөдү.

«Ширинбү бизге тез жардам кызматы менен таңкы саат 08:20да келген. Айына жетпегендиктен толгоону токтотуучу жана баланын өпкөсүнүн жетилүүсүн ылдамдатуучу укол сайганбыз. Бирок ага карабастан 31-июлда түнкү саат 00:30да 1,978 кг салмакта жана бою 45 см болгон уул бала төрөдү. Учурда эненин абалы жакшы. Ал эми баласы айына жетпей төрөлгөндүктөн ара төрөлгөн балдар бөлүмүнө которулду», - деди дарыгер.

Ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Арзыгулова учурда эненин абалы туруктуу болсо, уулу дем алдыруучу аппаратта жатканын билдирди.

«Учурда эненин абалы жакшы. Биринчи төрөтү болуп бир аз кыйналса дагы абдан сүйүнүп жатат. Ал эми ымыркайдын абалы орто. Айына жетпей ара төрөлгөндүктөн дем алдыруучу аппаратта жатат. Ооруканадан качан чыгарылары белгисиз. Ымыркай жакшы болгондо гана ооруканадан чыгарылат. Баланын жакшы болуп кетүүсүнө эне дагы көмөкчү болуусу керек. Жакшы тамактанып, витаминдерди ичип турса, сүт аркылуу балага жетип, бат торолот»,- деди дарыгер.

Тун уулун Нарында жарык дүйнөгө алып келген Ширинбүнүн кубанычында чек жок. Баланын жана өзүнүн ден соолугу үчүн дарыгерлердин берген дары-дармектерин толугу менен ичүүдө.

«Бул биринчи уулубуз. Менин абалым жакшы эле. Баламды жакшы болуп кетсин деп дарыгерлер жакшы карап жатышат. Мен дагы дарыларды ичип, жакшы тамактанып жатам. Уулум торолуп кетсе, үйгө чыгып барабыз», - деди ал.

Жолдошу Фазилхак Абубакир уулу экөө 2017-жылдын август айында баш кошушкан. Эки айдан кийин октябрь айында Улуу жана Кичи Памирдеги туугандары менен биргелекте Кыргызстанга билим алууга келишкен.

Буга чейин памирлик Жанбүбү Маматзайым кызы да 2017-жылы 21-октябрда уул төрөгөн.
Ал жаңы төрөгөн уулун Алмазбек деп атаган болчу.

«Жолдошум экөөбүз кеңешип, бизди мекенибизге алып келген президент Алмазбек Атамбаевдин урматына анын ысымын ыйгарууну чечтик. Эгерде кыз төрөлсө Чолпон деп атамакпыз (вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын урматына)», - деген Жанбүбү.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×