Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 01.08.2018 10:03 На русском

Мексикада 101 адам менен учуп чыккан учак өрттөндү (видео)

Turmush -  Мексиканын Виктория-де-Дуранго шаарында 101 адам менен учуп чыккан учак өрттөнүп, бактыга жараша адамдар көз жумган жок. Учак Aeromexico авиакомпаниясына таандык болчу.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, учактын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү сыртка өз алдынча чыгышкан. Ал эми өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, кырсыктан 85 адам ар кандай деңгээлдеги жаракат алып, жакынкы аймактагы ооруканага жаткырылды.

Өрт чыккан Embraer E90 учагында 97 жүргүнчү жана экипаждын 4 мүчөсү болгон. Учак «Хенераль Гвадалупе Виктория» аэропортунан Мехико өлкөсүнүн борборуна сапар алган болчу.

Учак учуп-конуу тилкесинен чыккандан кийин эле кулап, андан кийин өрттөнүп баштаган. Ал эми аэропорттун оператору окуяга аба ырайы себеп болушу мүмкүн экенин айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×