Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусу, Ош 30.07.2018 11:47 Жаңыланды: 30.07.2018 12:05 На русском

Ошто эки башкармалык бирикти. Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгын Дина Анарбаева жетектейт

Turmush -  Ош шаарынын эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы болуп Дина Анарбаева дайындалды. Бул маалыматты өзү тастыктады.

Д.Анарбаева буга чейин Ош шаардык миграция жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенип келген.

Дина Анарбаева

«Социалдык өнүгүү башкармалыгы менен миграция жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы бириктирилип, Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы болуп өзгөртүлдү», - деди Д.Анарбаева.

Жетекчи Социалдык өнүктүрүү министринин буйругу менен бул кызматка 18-июлда дайындалган. Ал эми Ош шаардык өнүгүү башкармалыгынын башчысы болуп буга чейин Батина Токобаева иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×