Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 30.07.2018 11:32

Ысык-Көлдө өспүрүм көчөдө ойноп жаткан 6 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө

Turmush -  Ысык-Көлдө 16 жаштагы өспүрүм 6 жаштагы айылдаш кызын алдап, үйүнө алып барып зордуктаган деп шектелип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеке булактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалымтатарга караганда, 28-июлда болжол менен саат 19:40 чамасында Жети-Өгүз РИИБге 2002-жылы туулган Ш.И. өзүнүн айылдашы — 2012-жылы туулган кызды зордуктагандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге оперативдүү тергөө тобу барып, кылмыш саат 14:30 жана 15:00 аралыгында болгондугун аныкташкан. Бул убакта 6 жаштагы кыз көчөдө ойноп жаткан, ал эми шектүү өспүрүм кызды алдоо жолу үйүнө алып барып, андан кийин күч колдонуу менен зордуктаган.

Кароо учурунда өспүрүмдүн бөлмөсүнөн кыздын кийимдери табылган. Ал эми Жети-Өгүз райондук оорукананын дарыгерлери кызды текшерип, анын кыздык белгиси жабыркаганын аныкташкан. Кыз ооруканага жаткырылган.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы аталган фактыны тастыктап, Жети-Өгүз РИИБ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренеси («зордуктоо») менен кылмыш иши козголгонун билдиришти.

Учурда бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×