Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Жалал-Абад облусу 25.07.2018 15:04 Жаңыланды: 25.07.2018 15:40 На русском

30 жаштагы Иззатбек Сары-Челекке чөгүп бараткан адамды куткарып калды (сүрөт)

Turmush -  Сары-Челек көлүнө чөгүп бара жаткан адамдын өмүрүн сактап калган Иззатбек Берхмаматов ыраазычылык баракча менен сыйланды. Ал 23-июлда Сары-Челек коругунда сууга чөгүп бараткан адамды алып чыккан.

И.Берхмаматовду бул эрдиги үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы, Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Ганнс Зайдель фондунун стипендианттарынын координациялык кеңеши ыраазычылык баракча менен сыйлады.

«Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын республика боюнча 168 бүтүрүүчүсү Сары-Челекке барганбыз. Ошондо Самат байке менен жолдо таанышып калдык. Сары-Челекке барганда ал көлдүн тайыз жерине түшөйүн деди. Көпчүлүктөн 20 метр алыста, тайыз жерде сүзүп жатып алыстап кетти. Бир маалда карасам сууга кирип-чыгып жатты, же кыйкырып жардамга чакырбайт. Өзүм чөгүп жатканын байкап калып, кийимим менен эле сүзүп барып, аны суудан алып чыктым.

Суу жутуп алган экен, жөтөлүп кыйналды. Кудай сактады, үй-бүлө, бала-чакасы бар экен», - деди Иззатбек Берхмаматов.

30 жаштагы Иззатбек Ош шаардык кеңешинин жетектөөчү адиси жана Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын бүтүрүүчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×