Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 25.07.2018 08:38

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен юристти издөөгө аскер-деңиз флотунун куткаруучулары тартылды

Turmush -  Жети-Өгүз районунда көлгө чөгүп кеткен юрист Александр Стручалинди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, издөө иштери үчүн Россиянын аскер-деңиз флотунун «Кай-Сары» куткаруучулар базасынан куткаруучулар келишти. Учурда издөө иштери уланууда. Мындан тышкары окуя болгон жерде ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмүнүн куткаруучулары иштеп жатышат.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, юрист чөгүп кетти деп болжолдонгон жерде суунун агымы чоң болгондуктан издөө иштерине кыйынчылык жаралууда. Куткаруучулар денени суу агызып кетиши мүмкүн экенин да айтышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×