Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Баракелде, Дүйнө 24.07.2018 12:13 На русском

Видео — Тажикстандагы кыргыздар кыргыз-тажик тилинде сүйлөп, тонналап картошка өстүрүшөт

Turmush -  Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал) районундагы кыргыздардын жашоосу тууралуу бул жолу учурда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жаткан Жамшед Худайкулов айтып берди. Ал Жерге-Талдын Кашка-Терек айылында чоңойгон.

ЛАХШ

Худайкуловдун айтымында, Кашка-Терек айылында 350 түтүн үй-бүлө жашайт.

«Кашка-Терек айылындагы кыргыздар тажик тилин дээрлик 80 пайыз билишет. Кыргыздар менен чогуу жашаган тажиктер да кыргызча анча-мынча сүйлөп коймой жайы бар. Жада калса алар кыргыздарга кыргыз тилинде кайрылышат.

Биздин айылда айыл башчыдан уккан маалыматым боюнча 350 түтүн үй-бүлө бар. Кашка-Терек айылында 60 пайыз кыргыздар жашаса, 40 пайыз тажиктер жашайт», - деди ал.

Ошондой эле айылдагы калктын чарбасы тууралуу айтып берди.

«Болжолдуу маалыматтар боюнча Кашка-Терек айылында 2 миңдей кыргыздар жашайт. Айылда 4 чайкана, 4 мечит бар. Жергиликтүүлөр мал чарба, дыйканчылык менен алектенип, ар бир түтүн кеминде 3 тоннадан картошка өндүрүшөт. Ал эми түшүм жакшы болгон жылы 8-9 тоннадан картошка алабыз. Ошондой эле ар бир үй-бүлө 3-4 баш бодо мал, 1-2 жылкы кармашат. Айыл дээрлик жылдын 4 мезгилине тең күбө болот. Жайкысын абанын температурасы болжолдуу 35 градуска чейин ысыйт», - деп кошумчалады.

Ал эми тойдогу ысырапкорчулукту жоюу демилгеси колдоого алынган.

«Тойдогу салтыбыз Кыргызстандагы кыргыздар менен дээрлик окшош. Жергиликтүү кыргыздар Баткен облусунун диалектисиндей сүйлөшөт. Үйлөнүү той болгондо күйөө балдардын унаалары 4 унаадан ашпашы керек. Тойго келген коноктордун саны 100 адамдан ашпашы зарыл», - деди ал.

Буга чейин Жамшед Худайкулов Кызыл-Бел жайлоосундагы туугандарынын жашоосу тууралуу айтып берген.
«Кызыл-Бел жайлоосуна Кашка-Терек айылынан 20дан ашуун адам жаз айында көчүп чыгат. Жайлоодогу калктын негизги чарбасы мал чарбасы болуп саналат. Ар бир үй-бүлөдө 10дон ашуун саан уйлар бар. Жергиликтүүлөр жайлоодо уйлардын сүтүнөн быштак, курут, чөбөгө, май жана башкаларды жасашат. Айрыкча алар курут жасап, аны базарга сатышат. Базардын алыстыгы айылдан 10 мүнөттүк жол», - деп кошумчалады Жамшед.

Алар малдан башка майда жандыктарды да багышат, бирок аз санда гана. Ар бир үй-бүлөдө жок дегенде 1-2 баш жылкы бар. Адатта жылкылар кышка чейин талаада жүрүшөт.

Ошондой эле жайлоодогулар жума сайын бири-бирин конокко чакырып турушат.

«Жайлоого чыккандар сүттөн ар кандай тамактарды жасап, жума сайын бири-бирин конокко чакырышат. Ал эми коноктор сөзсүз дойранын коштоосунда ыр ырдашат», - деди ал.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×