Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 23.07.2018 18:41 На русском

Ысык-Көлдө кызга жардам берүү үчүн бараткан жактоочу сууга чөгүп кетти

Turmush -  Жети-Өгүз районунда көлгө чөгүп каза болгон адам жактоочу болчу. Ал кырсыкка чейин көлдө бузулуп калган скутердеги кызга жардам берүү үчүн бараткан эле.

Окуя болгон жердеги күбөлөрдүн айтымында, маркум достору менен Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылындагы пансионаттардын бирине жакын аймакта эс алып жүргөн. Ошол учурда белгисиз себептер менен көлдө бузулуп калган скутердеги кыз тарапка сүзүп бара жатып, бирок жээктен 50-60 метрден кийин сууга чөгүп кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал сууга чөккөн жердин тереңдиги 40 метрден ашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×