Бөлүмдөр
Шаршемби, 16-октябрь
Чүй облусу 16.07.2018 15:41

Ак үйдүн алдына нааразычылык акциясына чыккан тургундардын бири оозун тигип салууга даяр экенин айтууда (фото)

Turmush -  Чүй облусунун тургундарынан турган топ 16-июлда Ак үйдүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Катышуучулардын айтымында, алар Ак үйдүн алдына кара риэлторлорду жашырып жаткан чиновниктерге карата нааразычылык билдирип чыгышкан.

Чогулгандар колдоруна плакаттарды кармап турушат, алардын ар биринде тургундардын бул маселеге байланыштуу окуялары жазылган. Алар өлкө жетекчилерин алардын көйгөйлөрүнө көңүлүн бурууну өтүнүп жатышат.

Кара-Балта шаарынын тургуну Алишер Ассатулаев билдиргендей, ал өзүнө өткөрүп алууну пландап жаткан бир бөлмөлүү батирдин маселеси бир жылдан бери каралбай келет.

Ошондой эле ал ар кандай чараларга барууга, жада калса өзүнүн оозун тигүүгө даяр экенин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×