ОНЛАЙН: Кезексиз сессияга чогулган шаардык кеңеш мэр А.Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтөбү?

Turmush - Бүгүн, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин 40ка жакын депутаты кезексиз сессияга чогулду. Күн тартибиндеги жалгыз маселе — фракциялардын лидерлеринин кайрылуусу.
Сессияга эмгек өргүүдө жүргөн мэр Албек Ибраимов келген жок. Ал эми мэрдин милдетин вице-мэр Бакыт Дюшембиев аткарып жатат.
Сессиянын башталышында шаардык кеңештин депутаты Рысбай Ааматов («Өнүгүү-Прогресс») мэр А.Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселесин добушка коюуну сунуштады. Буга чейин бүгүнкү кезексиз сессияда мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүлүшү мүмкүндүгү айтылган болчу.
Бишкек шаардык кеңешинин 13-июлдагы кезексиз сессиясынан түз көрсөтүү:
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком