Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 13.07.2018 11:05 На русском

Фото — Ашыкча салмак менен спорт залга келген Улукбек самбо боюнча чемпион болуп, көпчүлүктү таң калтырды

Turmush -  Тоң районунун Тогуз-Булак айылынын 20 жаштагы тургуну Улукбек Замирбеков 8 жылдан бери спорттун самбо түрү менен машыгып, бир топ ийгиликтерди багындырды. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, учурда ал Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде дене тарбия факультетинде 2-курста окуйт.

«Мен 2010-жылдан бери спорттун самбо түрү менен машыгып келем. Биздин айылыбызда самбо боюнча курс ачылган. Самбо менен машыгып калышыма атам түрткү болгон. Ал мени спорт залга алып барып машыктырды. Бул спорт көп эмгек жана сабырдуулукту талап кылат. Канча талыкпай аракет кылсаң, берекети болот экен. Күнүнө машыгуу үчүн 5 саат убакытты атайын бөлөм. 2015-жылы Бишкек шаарында өткөн окуучулар арасындагы спартакиадада 2-орунга ээ болдум. 2018-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн мелдеште 1-орунду алып, Кыргызстандын чемпиону болгом. Жакында Грузияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка барабыз. Ошол мелдешке даярданып жаткан учурум. Мени ар дайым колдогон ата-энеме жана ушул деңгээлге жеткирген Улан Турганбеков агайыма абдан ыраазымын», - деди ал.

Анын айтымында, самбо менен машыкканга чейин салмагы ашыкча болгондуктан, анын чемпион болушуна эч ким ишенген эмес.

«Мен кичинекей кезимде толук бала болчумун, залга келгенде машыга албай уялып, баарын карап отурчумун. Мындан сырткары кээ бир балдар ашыкча салмагыма байланыштуу «сенден эч нерсе чыкпайт» деп айтып, мени ыңгайсыз абалга калтырышчу. Айылыбызда облустук турнир өтүп, биринчи жолу килем үстүнө чыккам. Өзүм 11 жашта болсом дагы салмагым 60 кг болчу. Ошол турнирде 3-орунду алып, көпчүлүгүн таң калтыргам. Ошондон кийин өзүмө ишенип, күрөшкө кызыга баштагам. Азыр машыгуулардан кийин ашыкча салмак кетип, катардагы спортчулардай элемин.

Бош убактымда китеп окуп, музыка укканда жактырам. Эми мен дүйнө чемпиону болууну максат кылып жатам», - деди ал.

Улукбек Замирбеков ата-энесинин жалгыз уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×