Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Ош

Дарыгер Ислам Тойтонов: Кутурмага чалдыккан бейтаптарды тиктеп туруп, айласыз ажалга узаттым (сүрөт)

Turmush -  66 жаштагы Ислам Тойтонов 1976-жылдан бери Ош облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет. Дарыгер кутурма оорусу менен ооруп калган адамдарды тиктеп туруп, айласыз ажалга узатканын айтат.

Анын айтымында, кутурма оорусуна чалдыккан адамдар СССР учурунда көп катталган.

«Акыркы 4-5 жылда бул оорудан жабыркаган бир гана адам катталды. Кутурма көбүнчө ит, келемиш, чөө тиштегенден болот. Тиштеген жаныбарды 10 күн кармап туруу керек. Эгер ал өлбөсө анда тиштелген адам да өлбөйт. Аталган жаныбарлардын бири тиштегенден кийин дароо ооруканага кайрылса дары сайылып, маселе жаралбайт. Маани бербей, үй шартында эле дарыланып жүрө берсе, күчөгөндө өлүмдөн башка айласы жок болуп калат», - дейт бөлүм башчы.

Бейтап кайрылганда дарыгер бетине кагазды желпип көрүп эле кутурманын белгилерин текшерип коёт. Себеби кутурма болгон адам желдетүүгө, крандын суусу ачылганда, кыйчылдаган добушка деле кыжыры келип кетет.

«Ноокаттан кышында энеси менен кызы кайрылышты. Аларды күчүк тиштеп алып, бирок үй шартында эле дарыланып алышкан. Апасынын дарты күчөп, ар кайсы дарыгерге кайрылып жүрө берген. Ноокаттын дарыгерлери мага жиберишкенде жолдо унаада келе жатып желдетүүчү жабдыкты өчүрүүнү өтүнгөн. Бирок ага маани беришкен эмес. Анын кутурма оорусунан каза болгонуна ишенишкен жок. Бирок каза болгондон кийин анализ алынып, жыйынтыгында 100% кутурма оорусуна чалдыкканы аныкталды. Кутурма оорусу менен ооруган адамдар атайын жабык бөлмөдө кармалат. Көз жумганга чейин тынчтандыруучу дарылар менен гана жашап калат. Дарыгер ал бөлмөгө атайын бет кап жана аба өткөрбөөчү кийим менен кирет. Бейтаптардын жакындары көбүнчө неврология бөлүмүнө же психикалык ооруканага кайрылып, убакытты уттуруп коюшат. Мындай ооруга чалдыккан адамды дароо тиешелүү дарыгерге алып баруу керек», - деди ал.

Каза болгон бейтаптардын ар бири көз алдында калганын белгилеген дарыгер кутурмага чалдыккан адамдар тууралуу айтып берди.

«Бизге 13 жаштагы баланы неврология бөлүмүнөн дарыгерлер алып келишти. Ар кимге тийишип, жөөлүп сүйлөй бергенинен ата-энеси аны психикалык жактан жабыркап калган деп ойлогон. Мага киргенде эле кагазды желписем тырышып, жини келип баштады. Дароо кутурма экени билинди. Көздөрү алаңдап, оозунан шилекей агып калат. Күчөп кеткенде жакшы эле сүйлөшүп отуруп, адамды тиштеп же тытып алышы мүмкүн.

Жүрөгүмдө калган бейтап Мады айылынан келген бою 2 метрдей жаш жигит болду. Аны атайын бөлмөгө киргизип коюп үйгө кеткем. Медайым кыздар айнекти сындырып качып кеткенин айтып, ызы-чуу салып калышты. Наркоз сайчу кызматкерди, эки жигитти ээрчитип алып, аны издеп жөнөдүк. Айылынан тапкан жокпуз. Көрсө өзү курган эки бөлмөлүү үйдө экен. Барсак кутурманын дүүлүккөнү токтоп, жакшы болуп калыптыр. Унаага өзү отуруп, ооруканага келди. Көз жумарын билип алып келе жаттым. Палатага кирип, керебетке жаткан боюнча жан берди (дарыгер көзүнө жаш алып жиберди). Адатта тажрыйба топтоого келгендерди да, башка жардамчыларды да бейтап жан берип жаткан учурда киргизбейм.

Эң аянычтуусу — кутурма оорусуна чалдыккандар өз өлүмүн билип өлгөндөр. Алардын мени жалдырап карап, айласын тап дегендей көз караштары көз алдымда калган. Бейтап каза болгон күнү кирип-чыгып тамеки тарта берем. Себеби нервим чыңалып, жүрөгүм ооруп чыгат. Бул оорудан каза болгондор атайын терең казылган мүрзөгө санэпидемстанциянын көзөмөлүндө жерге берилет», - деди дарыгер.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11415
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×