Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баткен

Мал сарай базарга айланган: Баткендеги «Кара-Бак» базары санитардык талаптарга жооп бербейт (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Бак айылындагы базар санитардык талаптарга жооп бербейт. Бул тууралуу кечээ, 12-июлда тиешелүү адистердин текшерүүсүндө маалым болду.

Баткен райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Дыйканали Жунусалиевдин айтымында, базардын 60% санитардык талапка жоп бербейт. 15% товар аткезчилик менен келгендиги аныкталды.

«Базардагы соодагерлер баш аламан жайгашып, азык-түлүктөр күндүн аптабында калууда. Бирок сатып жаткан азыгы талапка жооп бербейт. Базарда суу жок. Биз апрель айында дагы текшерип чыкканбыз. Талапка жооп бербегендиктен базар жетекчилигине 20 миң сом айып пул салганбыз. Бирок иш сотко ашып, айып төлөп берише элек. Андагы айтылган талаптар дагы деле аткарылган эмес. Ажаткананын шарты жок, айланасы тосулбаган. Жеке ишкерге карагандыктан, аны мажбурлай албайт экенсиң. Бул жер 60-70% санитардык талапка жооп бербейт. Жаптырып салууга болбойт, элдин бул базарга талабы күч. Жок дегенде 300дөн ашык соодагер келет. Башка райондон эл келип, соода кылып кетишет.

Казакстандан келген ундар байытылбаган. Андай ундардын 15-20% сертификаты жок, бизге кирүүгө мүмкүн эмес. Алар аткезчилик жол менен кирген товарлар. Тажикстандан чыккан ишкерлердин товарында тажик тилиндеги документтери бизге өтпөйт. Биз эч кимисине чара көрө албайбыз. Бир гана жеткечисине арыздана алабыз. Базардагы сатылып жаткан азыктар гана эмес, кызуу иштеп жаткан ашканалардан да талапка жооп бергидей нерсе көрүнгөн жок. Ээлери болсо ар кандай шылтоолор менен санитардык документтерин көрсөтө алышпады», - деди Жунусалиев.

Бул базар союз убагында мал багуучу жай болуп турган. Акыркы 18 жылдан бери базарга айланып, бирок шарттар каралбай турат.

«Шарт жок, таза суу чыккан эмес. Товарларды чаң басып, жерге коюп сатканга мажбурбуз. Келген кардарлардан көп сөз угабыз. Бирок базар жетекчилиги акчаны алгандан кийин, оңдоп бериши керек. Кийимдер, мөмө-жемиштер жерде сатылат. Эттерден бери жабылбайт. Анын айынан оорулар көп. Мен өзүм ушул жерден тамактангым келбейт», - деди сатуучу Адина Жолдошева.

Базардын башчысы Сайкал Сүйүновдун айтымында, базардын аянты 3 гектарды түзүп, 300дөн ашуун соодагер бар. Алардан түшкөн акча базарды оңдоого жетпейт.

«Мында азыктарга бардык жай бар. Бирок эшиктеги чаңга туруп алып, ошол жакты оңдоп бер дешет. Мен кайсы жагын оңдойм? Бул жерден күнүнө болгону 8 миң сом түшөт. Базар 3 гектар жер. Арасында мал базар, кийим, мөмө-жемиш сатылат. Тажикстандан да соодагерлер чыгышат. Базардагы соодагерлердин 40% тажикстандык соодагерлер түзөт. Баткен району боюнча соода кылганы келишет. Талапты аткарбагандарга эскертем. Мен түшкөн акчаны салыкка төлөйм, оңдоого каражат жетпейт», - деди ал.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору талапка жооп бербеген азыктарды сатып жаткан сатуучуларга эскертүүлөрдү беришти. Эгер экинчи ирет дагы кайталанса анда товары артка кайтарылат. Бул азыктар ар базар сайын атайын адистердин текшерүүсүнөн өтүп турат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 657
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×