Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-сентябрь
Талас облусу, Талас 12.07.2018 16:05 На русском

Таласта банктан карыз алып, үйлөрүнөн ажырагандар аларды президентке жолугуштурбай коюшкандыгын айтышууда (видео)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын тургуну Гулдари Сманова бүгүн, 12-июлда Талас облусуна иш сапар менен келген президент Сооронбай Жээнбековго көйгөйүн айтып жардам суроо үчүн келип, бирок жолуга албай калгандыгын айтууда.

Өзүнүн айтымында, президенттен операция жасатууга муктаж болуп ооруп жаткан иниси үчүн жардам сурамак.

«Иним Жаныбек уулу Манас Бишкек шаарында медициналык академияда 4-курсту аяктады. Ушул жылы баш мээсине шишик чыгып, бир жолу өзүбүз 13 миң долларга операция жасаттык. Август айына чейин дагы бир операция жасалышы керек. Экинчи операция дагы Түркияда 15 миң долларга жасалат экен. Жардам сурап бардык жактарга кайрылдык. Облус администрациясындагы жетекчилерге айтып, жардам сурадык. Натыйжа чыкпагандыктан бүгүн президенттин жыйынына келгем. Ичине кире албасам дагы сыртта туруп, плакатыма өлкө башчысы көңүл бурса экен деген ниетте турам. Балабызга акча бер деп сурабайбыз, карызга гана берип турса», - деди ал.

Аталган жолугушууга банктардан карыз алып, үйлөрүнөн ажырап калгандар да келип, жыйынга кире албай турушкандыгын билдиришти.

Алардын өкүлү Эльдар Алаковдун айтымында, өлкө жетекчисинин Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы драма театрда саат 15:00го белгиленген элдик жыйынына келишкен. Бирок аларды иш-чараны уюштургандар президент менен жолугушууга киргизбей коюшту.

«Биз башында жыйын 11-июлда болот деп укканбыз. Бизге алдын ала айтышкан эмес. Бизди уюштуруучулар атайын киргизбей коюшту. Президентке 82 беттен турган кат жолдойлу дегенбиз. Сот системасы боюнча бир нече көйгөйлөрдү дагы айталы дегенбиз», - деди Алаков.

Эртеси 13-июлда Талас облусунун жетекчилиги Turmush басылмасына президент Сооронбай Жээнбековдун Талас облусуна болгон иш сапарында ага жолуга албай калган адамдарга облустун жетекчиси жолугуп, тиешелүү чечим кабыл ала тургандыгын кабарлады.

Маалыматка караганда, президент иш сапардын алкагында эл менен жолугуп, тургундардын 20дан ашуун суроолоруна жооп берген. Жолугушуу Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы драма театрда өтүп, 3 саатка жакын созулган. Театрга 500дөй адам батат.

«Ошол эле күнү Талас облусунун 2 тургуну президенттин жолугушуусуна кире албай калганы тууралуу айрым массалык маалымат каражаттарында жарыяланган. Жарыяланган маалыматтарга ылайык Гүлдари Сманова жана Эльдар Алаков аттуу тургундар кире албай калган. Бул жарандар менен Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым өкүлү Марат Мураталиев жолугуп, тиешелүү чечим кабыл аларын билдиребиз. Эгерде аталган жарандардын маселесин облустун деңгээлинде чечүү мүмкүн болбосо алардын кайрылуулары президенттин аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт», - деп айтылат облус жетекчилигинин маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×