Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 12.07.2018 12:49

Токмокто 7 жыл мурун дайынсыз жоголгон аялды издөө иштери башталды (фото)

Turmush -  Токмок шаарында 2011-жылы дайынсыз жоголгон аялды издөө иштери башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, дайынсыз жоголгон аялдын сиңдиси 10-июль күнү гана милицияга кайрылып, эжесин издөө боюнча арызын жазган.

«Биздин кызматкерлер тарабынан Чүй районунун Чүй айылынын 39 жаштагы Ж.Ч. аттуу тургуну буга чейин милицияга жазуу түрүндө кайрылбаганы аныкталган. Ал 10-июль күнү гана эжеси Анаркүл Жээнчороеванын дайынсыз жоголгондугу тууралуу арыз жазган. Ошондой эле, Ж.Ч. арызда мурда милиция кызматкерлерине расмий түрдө кайрылбаганын билдирген.

Анаркүл Жээнчороеванын дайынсыз жоголгондугу тууралуу факты Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш каттоо китебине катталды. Учурда ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери дайынсыз жоголгон аялдын жүргөн жерлерин аныктоо иштерин башташты», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Ал эми дайынсыз жоголгон Анаркүл Жээнчороеванын бир тууган сиңдиси Жыпара Жээнчороева: «Ооз эки арыз бергем. Мен ушул эле жетиштүү го деп ойлогом. Көрсө жазуу түрүндө бериш керек экен. Эми жазуу түрүндө кайрылып, милиция кызматкерлери эжемди издөө иштерин баштады. Мындан аркы окуянын жүрүшүн сиздерге кабарлап турам», - деди.

Буга чейин дайынсыз жоголгон аялдын жакындары эки ай мурун жазылган арызга милиция чара көрө электигин билдиришкен болчу.

Токмок шаарында Анаркүл Жээнчороева аттуу аял 2011-жылдан бери дайынсыз болуп келет. Анын Ырыс аттуу таежесинин айтымында, Анаркүл Жээнчороева Токмок шаарындагы сиӊдисинин үйүнөн күндүзгү саат 15:00-16:00 чамаларында чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес. Таежесинин айтымында, А.Жээнчороева Казакстанга тез-тезден каттап, талаа жумуштарында иштеп келчү.

«Ал 2008-жылы Чүй районунун Кегети айылынын тургунуна турмушка чыккан. Бирок балалуу болгон жок. Кийин жолдошу менен ажырашып кеткен экен. Өзү жалгыз Бишкекте батирде жашап жүрчү. Акыркы жолу туугандары көргөндө сол көзүн ак чел каптап калганын байкашкан. Аны болсо баары эле Казакстанда же дагы бир жерде иштеп жүрөт деп ойлоп жүрө беришкен экен. Мындан 4 жыл мурун атасы кайтыш болгондо да келген эмес. Ошондон улам туугандары тааныш-билиштерден сураштырып, издей башташты. Бирок табылып калат, дагы бир жерде иштеп жүрөт деген ой менен эч ким милицияга кайрылган эмес. Ушул жакын арада эле Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө кайрылышты. Акыл-эстен жабыркап ооручу эмес», - деди ал.

А.Жээнчороева Нарын облусунун мурунку Тянь-Шань районундагы Жан-Булак айылында 1964-жылы 25-июлда төрөлгөн. Акыркы жолу үйдөн чыгып кеткенде үстүнө кызыл спорттук кийим, кара юбка кийип жүргөн. Бою 165 см, чачы узун, кара.

А.Жээнчороеванын кайда жүргөнүн билгендер 0705 56 79 26 номуруна чала алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×