Бөлүмдөр
Шейшемби, 13-ноябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 11.07.2018 18:03 На русском

«Жашоосу жакшы, 6 000 сом пенсия алат»: Кара-Балтада 97 жаштагы карыя бир нече жылдан бери тилемчилик кылат (фото)

Turmush -  Жайыл райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери кайырчылык менен алектенген карыяны аныкташкан. Алар мэриянын кызматкерлери менен биргеликте аталган карыянын үйүнө барып, текшерүү жүргүзгөн учурда 97 жаштагы Т.Елизавета базардын жанында тилемчилик кылары маалым болгон. Ал өзүнүн 2 бөлмөлүү батиринде 32 жаштагы жээни жана жашы жете элек эки небереси менен жашайт.

Т.Елизаветанын кулагы катуу болгондугуна байланыштуу аталган түзүмдүн кызматкерлери аны менен сүйлөшө алышкан эмес. Ал эми аны менен чогуу жашаган туугандары карыя эч нерсеге муктаж эместигин айтышкан. Ал ай сайын 6 миң сомдон пенсия алып, айрым керектүү буюмдарын жээни сатып берип турган.

«Булар аз камсыз болгон үй-бүлө катары райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын тизмесинде турбайт. Батири таза жана бардык оокаттар тартиби менен коюлган. Туугандарынан "Эмне үчүн карыяны кайырчылыкка жибересиңер?" деп сурасак, жээни акыркы учурда пенсионердин тилемчилик кылууга каалоосу пайда болгонун жана базарга дайыма жеткирип коюуну талап кыларын айтты», - деп билдиришти социалдык кызматкерлер.

20180711_093024

Ошондой эле карыянын жээни социалдык кызматкерлерге: «Биз аны тилемчиликке жибербөөгө аракет кылабыз. Бирок ал бизди такыр укпайт. Эшикти бекитип койсок, кулпуну каккылайт. Биз дагы анын ал жерге барышына каршыбыз, бирок эч нерсе кыла албай жатабыз», - деп кошумчалады.

Буга чейин жергиликтүүлөр Turmush басылмасына Кара-Балта шаардык мэриясынан алыс эмес жерде жайгашкан аялдамада бир нече жылдан бери карыган апа кайырчылык кыларын билдиришкен.

2744ce95bdc95a7775780eba1444d36b_500_0_0

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×